Menu

Казакстанда университеттин спорт залы баңгизат колдонуучулардын жайына айланган

Бөлүшүү:

Казакстандын Чымкент шаарындагы университеттердин биринин спорттук комплекси баңгизат колдонуучулардын жайына айланган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн билим берүү министри Ерболат Мухамеджанга шилтеме кылып билдирди.

Азырынча кеп кайсыл жогорку окуу жай жөнүндө болуп жатканы жана мындай көрүнүшкө кызматкерлердин кимиси күнөөлүү экендиги айтыла элек. Болгону анын жеке университет экени гана белгилүү.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, баңгичилер маңзаттын марихуана жана героин сыяктуу түрлөрүн университеттин спорттук комплексинин ичинде колдонуп келишкен.

Учурда укук коргоо органдары окуу жайда сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: