Мамлекетте кадрдык, экономикалык, саясий кризис күч алды. Кайда караба Мамайдын көрү элестелет. Туш тарабың туташ кризис. Мунун баары мамлекеттик бийик кызматтарга иштин көзүн билбеген, сабатсыз, мажүрөө кадрлар дайындалып жатканында. Мына жакында эле иштей албай “Кара көлөч” наамына татып шылдың болуп иштен кеткен Нурбек Мурашевди кайрадан жогорку кызматка алып келүү жагы каралып жатат. Эми ушул уят да. Иштей албай сөгүш угуп иштен алынган Олег Панкратовду президент өзүнө кеңешчи кылып алгандай кызык иштер бүтпөс болду…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ