Menu

Нургүл Сатыбалдиева, Октябрь райондук ИИБнин кенже лейтенанты, инспектор: “Кыздардай болуп эркелеп, наздана албайм”

Бөлүшүү:

Бүгүн Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнү. Биздин редакциялык жамаат түндө түн уйкусунан калып, жадагалса майрам күндөрү майрамдоонун ордуна кызмат кылган, коомдун коопсуздугун коргоп эл ичинде тынчтыкты сактап келген милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, шаарыбыздагы Октябрь райондук ИИБнин кызматкерлери менен маектештик.

– Нургүл айым, милиция кесибин кантип тандап калдыңыз?

– Кичине кезимден бери эле милиция кызматындагы адамдарга кызыгып, алардын кийген кийимдерине, баскан-тургандарына, деги эле адамдык сапаттарына абдан суктанчу элем. Дагы бир себеп, кошуна эжебиз көп жылдан бери ушул кесипти аркалап, биздин көчөнүн көркү, үлгүсү болчу. Ал жумушуна, туугандарына, кошуналарына жардам берип, катышып, бардыгына жетишчү. Ошол эженин дагы коомго кылган кызматы бирден-бир таасир берди окшойт. Мектепти аяктагандан кийин эле дароо академияга тапшырып, окуп жүргөн кезде лаборант болуп иштеп баштагам. Ал эми Октябрь райондук ИИБге өткөн жылы май айынан баштап иштеп калдым.

– Канча бир туугансыз? Туугандарыңыздын арасында дагы бул кызматты аркалагандар барбы?

– Өзүм 3 бир тууганмын. Улуу агам куруучулук менен алектенет. Менин эркек эгизим бар. Ал дагы милиция кызматкери. Учурда Ленин райондук ИИБсинде иштейт. Андан башка апам тараптан бул кызматты аркалагандар бар.

– Кесип тандап алганыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Бул кесипти тандап алганыма эч өкүнбөйм. Окуу жайга тапшырып жатканда ата-энем дагы каршылык кылбастан ар тараптан колдоп, ак батасын беришкен. Эң негизгиси адам кесип тандоодон эч жаңылбашы керек. Өзүн кыйнап ата-энеси каалаган кесипти тандап алып кийин кыйналып жүрбөй, жүрөгү кайсы кесипти жактырып, кайсы кесипке жөндөмдүү, шыктуу болсо ошол кесипти гана тандап алгандары оң.

– Бул кесип менен алектенгенден бери баштагыга караганда мүнөзүңүз өзгөрүлгөнүн байкай алдыңызбы?

– Кичине кезимде эле эркек балдардын арасында өсүп мүнөзүм катуу болуп калган. Чынында кыздардай болуп эркелеп, наздана албайм. Башынан эле өзүм үчүн жооп берип, бардык нерсени бетке айтып ачык сүйлөп, чечкиндүү болчумун. Балким бул сапаттарым дагы мени бул кесипти тандап алышыма түрткү болду деп ойлойм. Азыр деле бул мүнөзүм бар. Көпчүлүк эч өзгөрүлгөн жоксуң, дайыма бир калыпта жүрөсүң деп айтып калышат. Өзүм деле өзгөрүүнү байкай алган жокмун.

– “Мүнөзүм катуу” деп калдыңыз. Сизге көпчүлүк мырзалар сүрдөп сүйлөй албай кыйналса керек?

– Албетте форма кийип жүргөн учурда сүйлөй албай тартынып, сүрдөгөн учурларын байкайм. Бирок жөнөкөй кийинип жүргөн кезде андай деле болбойт. Өзүм деле мен милициямын деп эле катуу сүйлөй бербей, сылык болууга аракет кылам.

– Качан турмуш жолуна аттанасыз? Деги эле кандай мырзалар жагат?

– 27ге чыгып калдым. Азыр бул жаштагы кыздардын көбү турмушка чыгып, 2-3 баланын энеси болуп калды. Мен башынан эле “Окуу жайга тапшырып  татыктуу билим алып, өз кесибимдин мыкты адиси болуп, андан соң анан өз теңимди таап турмуш жолуна аттанам” деген тилегим бар болчу. Акырындап ошол тилегиме жетип келатам. Буюрса турмуш курчу учур дагы жакындап калды. Мага чыныгы эркектерге таандык мүнөзгө ээ, чечкиндүү, камкор, акылдуу мырзалар жагат. Негизи аскер кызматкери болсо дейм. Себеби экөөбүз бир тармакта жүрүп бири-бирибиздин жумушубузду жакшы түшүнүп, колдоп кетсек керек.

– Жумуш учурунда кандай кызыктуу окуяларга кабыласыз?

– Ар бир кесиптин өзүнүн оорчулугу, кызыгы дагы болот. Ошол сыяктуу эле биздин кесип коомчулук менен тыгыз байланышта болгону менен өзгөчөлөнүп турат. Биз эртең менен келип күндө жасалып жүргөн жумуштарды жасап кечинде кетип калбайбыз. Башкача айтканда ар бир күнүбүз ар башкача. Кээде түнгө чейин калып иштейбиз, кээде жаңы эле жумуштан келсең кайра чакырышат. Же түн ичинде “тревога” болсо уктап жаткан жериңен туруп бир заматта жумушка жетип барасың. Мага негизи жөнөкөй, жай жасалган жумуштар жакпайт. Мен дайыма жумуш менен алек болуп, шашып, жетишпей бирок ошол эле учурда ишим тез бүткөн учурдан эргүү алам. Балким биздин кесип ошонусу менен адамды өзүнө тартып турат.

– Үй жумуштарына кандайсыз?

– Жумуш күндөрү чарчап кеч келип, үйдөн эч нерсе жасай албайм. Ал эми дем алыш күндөрү апама, бир туугандарыма өзгөчө даамдарды жасап, эс алуу күнүмдүн көпчүлүгүн ашканада өткөрөм. Үй жумуштарынын баарын жасаганды билем.

– Эгер башка кесипти тандоого мүмкүнчүлүк болсо, кайсы кесипти тандап алмаксыз?

– Башка кесип тандоого мүмкүнчүлүк болсо деле кайра ушул кесипти тандап алмакмын. Анткени кээде башка кесипке кызыгып, жөндөмүм жоктугун сезип, эгер бул кесип болбосо мен каякта иштемекмин деп ойлонуп калам.

– Келечегиңизди кандай элестетесиз?

– “Генералдык чинди эңсебеген солдат, солдат эмес” дегендей, мен дагы генерал болбосом дагы полковникке чейин жетсем деген ниетим бар. Ошону менен бирге эле үй-бүлө куруп, карьерам менен үй-бүлөмдү бирге алып кеткен үлгүлүү кызматкер, мээримдүү эне, сүйүктүү жар болгум келет.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: