Атамбаевдин максаты элге белгилүү эле болуп калды. Эл деле чыныгы саткын Атамбаев экенин эң жакшы билип турат. Мисалы, биз 2010-жылга чейин эң оор кырдаалда КСДПга чуркап, далай – КСДПнын (Атамбаев менен) жыйынтыктоочу брифингин көрүү аянычтуу болду… Туруп алып ыйлап атты… Болбосо, ошол адам кечээ эле күнөөсүз адамдарды түрмөгө тыгып, соттор менен укук коргоо органдарын каалагандай калчап, өзүнө каршы пикир айткандарды, же жакпай калгандарды куугунтуктап, мазактап, ар кандай ярлыктарды тагып атты эле… Бүгүн болсо журналисттердин алдында “ыйлап” турду… Анан да артисттик менен “ыйлады” го чиркин… Бийликтин кысымынан улам 10 адам съездге келбей калды, партиялык конференцияны бирөөнүн үйүндө өткөрүүгө туура келди, бийлик имарат бербей койду дегеничи… бир караган адамга мурдунан маңкасы аккан бечара турат… Бөбөктөй таза экенине карганып койгонун кантебиз… Ой тообо, адам ушунчалык да пастыкка түшөбү…
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ