Menu

Катарда алтын медаль тагынган кыргызстандык ат спорт чебери Виктория Терина

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинен 7-апрелге чейин Катар өлкөсүнүн борбору  Доха шаарында  Ат спорту боюнча Азия Федерациясынын Президентинин байгесине арналган   21 жашка чейинки чабандестеринин биринчи Чемпионаты курч таймашуулар, кызыктуу атаандаштык менен өттү. Кыргызстандын намысын эки чабандес, Ат спорту боюнча “Күлүк” олимпиадалык резерв Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучу Виктория Терина менен Екатерина Ахтимирова татыктуу коргоп, өнөрү менен таанылды. Бул мелдешке мыктыларды тандап алуучу таймаштары 2018-жылы  8-сентябрдан 8-ноябрга чейин 8 өлкөдө: Индонезия,Малайзия,Индия,Катар,Сингапур,Кыргызстан,Тайланд,Тайпейде болуп өткөн. Мында ар бир өлкөдөн эки мыкты чабандес финалдык мелдешке тандалган. Дохада өткөн Ат спорту боюнча Азия Федерациясынын Президентинин байгесине арналган биринчи Чемпионат эки этап менен өтүп,ар бир чабанчы экөөндө тең эки башка күлүк менен өнөрүн көрсөтүүгө чыккан. Тулпарларды өнөктөштөр катары бардык катышуучуларга Катар Ат Спортунун федерациясы берген. Көнүгүү жасоого 35 минут берилген, жана катышуучулар бул убакыт ичинде даярданып,күлүктүн «тилин таап” ынак мамиле табыш керек эле. Башка өлкөдөн келген катышуучулар спорттук бийик деңгээлин көрсөткөн.Бирок калыстар кыргызстандык Виктория Теринанын өнөрүн, чеберчилигин жогору  баалашып, баш байгени ага ыйгарып, Кыргыз туусу обого көтөрүлдү. Ошентип Виктория бардык атаандаштарынан алдыга озуп, жеңиштин бийик тепкичине көтөрүлүп, алтын медаль тагынды.

Мелдешке ар бир өлкөдөн 15 катышуучу катышты,жыйынтыгы 2 күндүк беттешүүнүн жалпы суммасыны, упайлардын эсеби боюнча аныкталды.

Жеңишиң кут болсун Виктория Терина!

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: