Menu

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин Орозо айт майрамы менен жалпы мекендештерди куттуктоосу

Бөлүшүү:

Бисмиллаахир-рахмаанир-рахиим!
Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Таалага чексиз мактоолор, алкыш-даңктоолор болсун!

“Урматтуу мусулман бир туугандар, ага-ини, эже-карындаштар!

Сиздерди Ош облусунун мусулмандар казыятынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман ыйык Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жараткан жалпы момун мусулмандардын туткан орозосун кабыл кылсын!

Алла Таала айтат: “акыйкатта, орозо Мен үчүн кармалат жана ал үчүн Мен соопторду берем, анткени, адам Мен үчүн деп өзүнүн нафси-каалоосун тыят, тамактан баш тартат!”. Орозо кармаган адамды эки кубаныч күтөт: бири – ооз ачаар мезгилде, экинчиси болсо, өзүнүн Роббиси менен жолугушууда. Жана чындыгында орозо кармаган адамдын ооздон чыккан илебинин жыты Алла үчүн аңкыган мускустун жытынан жакшыраак!”

Жалпы баарыбыз Рамазан айы ичинде орозо кармоо менен сабырдуу жана чыдамдуу болууга үйрөнүп, сооптуу жана кайрымдуу иштерди жасоого амал кылуу менен өзүбүздүн ашказан, тил, көз, кулак, кол, бутубузду эле сыноодон өткөрбөстөн, аң-сезимибизди жана жүрөгүбүздү да сыноодон өткөрүп, руханий тазаланууга багыт алып олтурабыз.

Ар бириңиздердин Рамазан айында кылган сооптуу амалдарыңыздар, жасаган кайрымдуулук иштериңиздер кабыл болсун. Ылайым Жараткан Алла Таала баарыбызды ушул орозо айттын алдындагыдай аруу, таза сезим менен, кайрымдуу жана берешендик сапатыбыз менен кийинки Рамазанга жетишибизге насип кылсын!

Орозо айт күнү бардык тилектериңерди  Жаратканыбыз кабыл кылсын. Эч бир мусулмандын башына кайгы-капа жетпесин! Эч качан башыбыздан бакыт, үйүбүздөн тынчтык, коломтобуздан жылуулук, ортобуздан достук, элибизден ынтымак, жерибизден береке кетпесин!

Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештер!

Ош облусунун мусулмандар казысы Атабаев Самидин кары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: