Май айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс ала турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эске салды. Дем алыш күндөрдү аныктаган өкмөттүн токтому 2018-жылдын 24-декабрында чыккан. Ага ылайык, жаздын акыркы айында төмөнкү күндөр эс алуу күндөрү болмокчу:
1-май (шаршемби) — Эмгек күнү;
9- май (бейшемби) — Жеңиш күнү;
10- май (жума) иш күнү болушу керек эле, бирок Конституция күнү белгиленген 5-майдын (жекшемби) эсебинен эс алуу күнү деп жарыяланды.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ