Парламентте Мыктыбек байкебиз «скромный» болуп сүйлөсө эле билбегендер алды-алдынан тал кармашы мүмкүн. Публикада сөздү этияттап сүйлөгөнү менен Абдылдаев эрегише келсе кызандап, аябай тажаал мүнөзү бар экенин билесиңерби? Бир курдай ресторанда Медет Садыркулов экөө отуруп калып, жүз граммды шыңгыткан байкебиз «концерт» койгон болчу. Садыркуловду столду айландыра кубалап, «энеңди…» деген эркекчиликтен баштап, албууттанганын көргөнбүз. Экөөнү ажыратышпаса балжа-булжа болуп кетишмек. Оо, ал кез Бакиевдин доору болчу.
Интриганын сазайын Медекең берип, Юсуповичти борттон ары ыргыткан да администрациядан… Ошонун айынан тополоң чыгьш атпайбы. Азыр деле Мыкыбыз кызырандап турат эмеспи, эгерде жинине ашыкча тийген бирөө болсо ченебей чатак салары ажеп эмес. Сөгүп баштаса сөөгүң сыздайт.
Акын Бекчороев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ