Menu

Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун жетекчиси кызматтан алынды

Бөлүшүү:

Балдар жана жаштар реабилитациялык борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский кызматтан алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган чечим борбордун негиздөөчүсү- Бишкектин мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Эмгек кодексинин негизинде кабыл алынгандыгы айтылат.

Муниципалитетте эмгек алакалары  алардын мөөнөтүнө жана бузулушунун мотивдерин көрсөтпөстөн токтотулушу мүмкүн деп түшүндүрүштү. Мурунку жетекчиге учурдагы мыйзамга жараша компенсация төлөнөт.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары аталган борборду жабып, балдарды башка мекемелерге которуп, имараттын ичинде бала бакча ачууну сунушташкан. Акыркы учурда мекеменин жетекчиси Алексей Петрушевскийге катуу сын пикирлер айтылып, аны педофилия жана балдарды сатууга айыпташкан. Мекемеде бир нече текшерүүлөр жүргүзүлүп, бирок аталган фактылар тастыкталган эмес.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: