Menu

Замир Жоошев: “Эгерде бүгүн колония Атамбаевди бошотпосо, анда биз Башкы прокуратурага кайрылабыз”

Бөлүшүү:

“Жогорку соттун чечими автоматтык түрдө күчүнө кирет жана бул бардык мамлекеттик органдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек”, – деди бүгүн, 3-декабрда Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев пресс-конференцияда.

Анын айтымында, Атамбаев боюнча чечим Жогорку соттон райондук сотко келип, ал өз кезегинде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана колонияга жибериши керек болчу. Бирок. алар муну Жогорку сот дагы, райондук сот дага жасашкан эмес.

“Алар 5 күндүн ичинде жасай алабыз деп жатышат. Бирок адам бир саатка дагы мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажырабашы керек. Мунун бардыгын эки сааттын ичинде жасоого болот. Эмне себептен жасалбаганын билбейм. Мүмкүн саясий эрк жетишпей жаткандыр ”, – деди адвокат.

Замир Жоошев адвокаттар Жогорку соттун чечимин алгач алар райондук сотко алып барып, чечимди колонияга жөнөтүүнү суранышкан. Бирок, райондук сот колонига жөнөткөн эмес.

“Кечээ, 2-декабрда биз бул чечимдиколонияга алып барып, аны аткарууну, башкача айтканда, Атамбаевди бошотууну сурандык. Биз дагы деле күтүп жатабыз», – деди ал.

“Эгерде бүгүн колония аны бошотпосо, анда Башкы прокуратурага кайрылабыз” – деп кошумчалады адвокат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: