Menu

Фото – Министр Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскеринин  колбашчысын өздүк курамга тааныштырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев жана министрдин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскеринин колбашчысы,
полковник  Исламбек Кенжекуловду өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 10-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  Ички аскери жөнүндө” Жарлыгына кол коюп, ага ылайык, Ички аскерлер Кыргыз
Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамынан чыгарылган. Жогорудагы Жарлыктын башкы максаты-коомдук тартипти, жеке инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу.

Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин, коомдун жана жеке инсандын кызыкчылыктарын коргоо, андан сырткары мамлекеттик деңгээлде маанилүү болгон обьекттерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыздоо тутумун жакшыртуу боюнча ишке ашырылып жаткан кеңири реформанын максаттарына жетүүнүн маанилүү шарты болуп эсептелинет.  Мурда тапшырылган обьектерди коргоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмалар, мамлекеттин, коомдун жана жеке инсандын  кызыкчылыктарын, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде болуп,  аны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскери (мындан ары Ички аскер) аткарып келген. 2014-жылы  аскердик реформанын алкагында Ички аскер Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумуна кирген Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамынан чыгарылган. Ички аскердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн  Улуттук  гвардиясынын курамында болуусу алардын Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон. Ушуга байланыштуу, коомдук тартипти,  коомдун жана жеке инсандын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүмүн, 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесиинин 10-пунктун жетекчиликке алуу менен, токтом чыгарылган: Анда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына мурда берилген штаттын, документтердин, имараттардын, курулуштардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички аскерин түзүү туура деп эсептелсин деп айтылат.

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, Ички аскердин колбашчысын тааныштырып жатып, аны офицер катары мүнөздөп, өзүнүн кызматтык ишмердүүлүгүндө ички аскерлер тармагында ар кандай жетекчилик орундарда иштеп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Ички аскеринин аскердик бөлүгүнүн кызматын көп жылдар бою жетектеп келгендини маалымдоо менен: “Анын  жумуш учурундагы топтолгон практикалык тажрыйбасы, берилген багыт боюнча  ишмердүүлүктү сабаттуу уюштургучтугу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы –Кыргыз Республикасынын Президентинин биздин алдыбызга койгон тапшырмаларын ийгиликтүү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет”-деп
билдирди.

Кашкар Жунушалиевдин ички аскерлердин колбашчысына айткан кеңешинде мурдагы жол көрсөткөн ички аскерлердин тажрыйбалуу кызматкерлеринин салтын бекемдеп алардын жолун улай Мекендин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу үчүн уюштуруучулук жана ишке ашырылуучу чараларды көрөт деген ишеничин билдирди.

Өз кезегинде, Исламбек Кенжекулов Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Ички аскери Министрликтин курамында алдыга коюлган тапшырмаларды аткарып келгендигин жана аткара тургандыктарын баса белгиледи.
Тактоо ирээтинде:

Кенжекулов Исламбек Абдирашитович 1968-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясын аяктаган.  Ички иштер органдарындагы кызматын 1997-жылы баштаган. Кыргыз
Республикасынын ИИМдин Ички аскеринин ротасынын колбашчысы, взводунун командиринин орун басары, взводдун командири, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскеринин “Шер” атайын багыттагы отрядынын колбашчысы,  күжүрмөн даярдык боюнча башчысынын орун басары, жалпы аскердик даярдануу кызматынын улук офицери,  703 аскер бөлүгүнүн колбашчысы жетектөөчүлүк кызматтарда иштеген. Андан соң ички аскер Улуттук Гвардияга өткөрүлүп берилген соң Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын колбашчысынын орун басары болуп иштеп келген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: