Menu

Финпол 95 миң аттестеттагы катаны териштирүүнү баштады

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финпол) мектепти бүтүрүү тууралуу 95 миң аттестаттагы каталар боюнча сотко чейинки иликтөөнү баштады.

“Баалардын табели, аттестатсыз, жараксыз” деген жерде “жөнүндөгү” сөзү “ң” тамгасы менен жазылган “жөнүҢдөгү”. Бирок аттестаттарды бастырып чыгарган “Учкун” полиграфиясынан ката кетиришпегенин, бул шрифттин эффектиси экенин билдиришкен.

“Биз муну ката деп эсептебейбиз. Кичинекей шрифттин айынан жана тамгалар жакын жайгашып, басма “Д” тамгасынын куйрукчасы “Н” тамгасы менен катар жайгашкандыктан ушундай эффект жаралып калган”,- деп билдирди өндүрүштүк бөлүмдүн башчысы Нурайым Токтомушева.

Ошондой эле Туз айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарында “РЕДНЮЮ” сөзү ашыкча жазылып калган.

Финпол бул фактыларды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  “Коммерциялык уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча каттады.

Бул Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү каталары бар аттестаттарды алып жаткан биринчи учур эмес. 2017-жылы Билим берүү министрлиги басмадан кеткен ар кандай каталары бар 48 миң аттестатты алмаштырып берген. Мындан тышкары ведомстводон ката кетирген кызматкерди жумуштан бошотуудан баш тартышып, бул “адамдык фактор” деп аташкан.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: