Menu

Качкын Булатов: “Кыргыз прокуратурасы маданияттын чегинен чыкты”

Бөлүшүү:

27-майда Чүй облусунун 90 жылдык маараке салтанатында катышкан Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманов кызматчысына кол чатыр карматып, мансапка жетишип, манчыркап турганын ачык көргөзө алды. Чындыгында бул жаман жорук. Жалаң ушундай мансап күткөн прокурорлор Кыргызстанды артка тартып жатпайбы. Ушу сурөттү көргөндөн кийин биз кантип мыйзамдуу цивилизация доорунда жашайбыз деп айта алабыз. Мындай феодалдык таштандылар кантип акыйкаттуу, мыйзамдуу кылмышты чече билет. Мындай элементтер коомдо акчанын, байлыктын кулу болуп эсептелет. Ал эми мындай мансапчылардын убалы карапайым элге эле тийет. Негизи прокуратура кылмыш дүйнөсүнө айланып келетат десек жанылышпайбыз. Аида Салянованын убагында кылмышкер Жаныш Салиев тергөө башкармасын тейлеп жүрүп, байлардан акча алуу менен алек болгону маалым болгон эле, ал эмес С.Урманаевдин үйүн карактаганын далилдеп берсе дагы юридикалык баа берилген эмес. Темирбек Бекмамат уулу коррупцияга аралашып “крыша” болуп жүргөн жеринен кармалып, кызматтан кетирүү менен гана чектелген. Кылмыш жообуна тарткан эмес, мыйзамду өлкөдө юридикалык баа берилмек эле. КР Башкы прокуратуранын тергөө башчысы Кылычбек Арпачиев пара алган жеринен кармалгандыгы, прокуратура системасы орду түбү менен акча жасаган инструментке айлангандын белгиси болуп эсептелет. Прокуратурада таза иштедим деген адам жок калганын каңкуулайт. Булар деле милициядай эле массалык түрдө акча алуу менен алек болуп калышкан. Арпачиев менен Аида Салянова бир акырдан жем жеп жүргөнүн кылмыш иши тастыктап бергени аздык кылабы, же мындан башка кандай далил керек? Болбосо мындай резонанстуу ишти жаап койгонго бир гана прокурор “добро” берет. Балык башынан сасыйт эмеспи. Ошол эле Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогуловдун кылмышка аралашып жүргөнүн далилдүү фактылар менен устүнөн арыз жаздык эле, Башкы прокуратура өзүн-өзү текшербейт экен. Ошо кылмышка шектүү прокурор эл тагдырын чечимиш болуп, өлкөнүн экономикасына ири зыян алып келүүдө. Эмне үчүн мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кылмыш жообуна тартылбайт? Убагында буйрук менен оппозициялык маанайдагы саясатчыларга жалган кылмыш токуган үчүн юридикалык баа алышы керек эле. Ошол эле азыркы прокуратурада кылмыш ишке аралашкан, бийик даража күткөн прокурорлордун ишин карашы керек, болбосо өлкөнү кыйратып алууга аз калдык. Үлпүлдөгөн тынчтыкты сактап калалык. Азыр прокуратура акча жасоо менен алек болуп, өлкөгө ири зыян алып келүүдө. Мамлекеттин коргоо кеңеши тез аранын ичинде реакция берип, негетивдерден арылбаса, аз убакыттан кийин өз баштарына тийери бышык. Ушу ажобузга Куан Лидей саясый эрк берип, Н. Сулайманов, К. Токтогуловдой прокурорлордон арылса туура эле болмок

Качкын Булатов, укук коргоочу

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: