Menu

Ак халатка жашынган шарлатандарды ким тыят?

Бөлүшүү:

Өзүн онкологмун деп мыйзамсыз дарылоо менен алектенген Ашым Зайналиевдин иши коомчулукка чоң чуу салды. Анткени мындай шылуундарга алданып, өмүрүн тобокелчиликке салып жүргөн мекендештерибиз жүздөп саналат. Эми анын ооруканасын качан жабат деген маселе көпчүлүктүн көңүл борборунда. Буга «Zanoza.kg» маалымат сайты кызыгып, тиешелүү органдарга кайрылып көргөн. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан «учурда ишти Бишкек ШИИБи карап жатат. Бизге жете элек. Эгер иш бизге жетип, анын 50 миң сомдон жогору кирешеси бар ишкерлиги тастыкталса, ага кылмыш иши козголот» деп жооп беришиптир. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги Зайналиевдин клиникасын бир гана соттун чечими менен жабууга мүмкүн экенин айткан. Эмне дейбиз, мыйзам деген мыйзам, ага баш ийиш керек. Бирок дал ушундай жеке кызыкчылыгы үчүн бөтөн адамдардын тагдыры, ден соолугу, үмүтү менен ойногон адамдарды ооздуктай турган мыйзамдарды ишке киргизсек болбойбу? Булар менен күрөшүүгө, алданып жаткан мекендештерибизди коргоо ким кол кабыш кылышы керек?

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: