“Апрель революциясынын катышуучуларына медаль, орден бериштин кереги жок. Алар кыргыз элине, кыргыз жерине жеңилдик алып келишкен болсо, эмнеге алардын үй бүлөсүнө бүгүнкү күнгө чейин жеңилдик берилбейт? Афган согушунун катышуучулары аман калганыңар үчүн айына 6 миң сомдон алат экенсиңер, Апрель революциясында кайтыш болгон балдардын жесирлери айына 3 миң сомдон алышат экен. Кана теңчилик? Өкмөт түкүрүктүн акчасынан деле берсеңер болот эле го, жокпу ошол? Эгерде ал балдар кыргыз элине, кыргыз тарыхына жеңилдик алып келген болсо ал балдардын үй бүлөлөрүнө жеңилдик берилиш керек да…”, – деп билдирди бүгүн, 7-апрелде Алмаз Атамбаев уюштурган митингде чыгып сүйлөгөн КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ