Menu

Фото – Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КР жана ТР өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 4-апрелден 6-апрелге чейин Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тажикстан делегациясынын башында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Азим Иброхим турган.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын Протоколуна кол коюлду. Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти, бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: