Кудайдын улуу күнү Курман айтта спикер Чыныбай Турсунбеков Жалдагы ири мечитке мусулмандык парзын аткаруу үчүн барып, айт намазына катышып кайтат. Албетте, спикерибиздин ылайым эле ичине ыйман толуп, окуган намазы кабыл болуп, Курман айт маарек болсун! Кызыгы, эл өкүлү ибадатка келээрде мамлекеттик күзөт кызматынын ондогон бука моюн, буура сан жигиттери мечитке алдын ала келип текшеришип, намаз бүтүп чыгып баратканда да мечитке кирген миңдеген кишилердин чыгуусуна тоскоолдук жаратышып, «кое тургула, шеф чыгып кеткен соң чыгасыңар» деп ыңгайсыздык жаратышканы андагы баргандарды абдан нааразы кылат. Кудайдын улуу күнүндө көпчүлүккө ыңгайсыздык жаратышып, биздин жетекчилер жүздөгөн күзөтчү балдарды жоон топ кылып ээрчитпестен бир-экөөсүнүн коштоосунда барышса болбойт беле? Же бу «Тегирменчиге» кол салууга ким кызыкдар болуп атыптыр? Андай элди жөөлөгөн зөөкүрлөрү көп болсо, чек араны кайтартпайбы? Айла жок, бирок ай ла вю…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ