Menu

Журналист Азамат Кыязовдун Балыкчы-Корумду жолу боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылуусу

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай ага!
Сизге, бүгүнкү болуп жаткан калыссыздыктардын бири тууралуу кайрылууга аргасызмын. Балким, Сиздин Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун чуусу кандай чубалып атканынан кабарыңыз жоктур. Жок болсо, абал мындай: “Көчмөндөр оюну” деп аталган былтыркы жылдын көңүл ачма иш-чарасынан кийин, жол салуу иши солгундап барып, кескелдириктин куйругундай кесилип токтоду. “Көчмөндөр оюнуна” чейин күжүлдөп иштеп жаткан техникалардын үнү өчүп, жол куруучулар эмгек акысыз калышты. Жолдун жарымы асфальт, жарымы топурак. Жарымы шагыл, жарымы таш – “жарты чеке, калак баш” дегендей… Кабинетиңизден чыгып, сезондун жоктугуна карабай, Чолпон-Атага чейин бир барып келсеңиз – чаң жутуп отурган көл элинин муң-зарын, акчасын ала албай бозала болгон жол куруучулардын арыз-арманын, жолдун айынан кырсыкка кабылып набыт болгон алты адамдын тагдырын жүрөгүңүздөн өткөрөт элеңиз. Эгер болсо… Болбосо: “Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунан саясат жасабагыла”, – деп маани бербейттирсиз.
Кантсеңиз да, мен эл оозундагы ачуу чындыкты Сизге айтайын. Узундугу 104 чакырым, сметалык наркы 9 млрд. 202,4 млн. сомду түзгөн аталган жолду реконструкциялоону кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзүп, ал объектте 72 чет өлкөлүк жана 474 жергиликтүү жумушчулар иштеп, бүткөрүү 2017-жылдын 31-декабрына пландалган. Алардын кыска убакытта бүткөрүп жаткан ишине жалпыбыз күбө болдук. “Туристтердин бетин уялбай карайт экенбиз” деп кубандык. Эрте кубаныппыз. Минтип, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан кубанычыбызга кум куюлуп каларын билбептирбиз. Ооба, Сиздин “жол” министриңиз Жамшитбек Калиловдун каалоосу менен көл автожолуна каражат бөлүү токтотулуптур. Себеби, анын каалоосу башка жол куруучу компанияга ооп жатыптыр. “Лонг Хайга” “абысын” чыккан ал компаниянын аты-жөнү “Чайна Роад” экен. Анын “сүрөөнчүсү” кочкорлуктар чогула калган жерде беттеше калып жүргөн, жогорку кызматтан жолдуу иним Сапар Исаков дешти. Дегендери ылайым калп болуп калсын – дейин десем, Калиловдун “калдаң-кулдаң” аракеттери шек жаратып жатат. Улам бир “суу кечпеген” шылтоолорду бетине кармап… Маселен, КТРК каналы ушул жол темасын “Ой ордо” телекөрсөтүүсүнө алып чыгууну пландап, чакырылган тараптар “баралы” деп тура жөнөсө эле, Жамшитбек Калиловдун “жаңсоосу” менен улам кийинкиге жылдырылып… Эми, сөзсүз эле кырылышып-сүрүлүшүп, кыйкырышып-өкүрүшүп, “коомдук жайда сөгүнүшүп”, салынып аткан жолубузду да жоо чапкандай кылабызбы? Бул жол долбоору 20 жылдан берки биринчи жолку, өзүбүздүн жасап жаткан иш экенин да эстен чыгарбайлы.
Сооронбай ага, бул маселеге өзүңүз чекит коюңуз. Сиз ойлогондой, чындыкты айткандар “жолдон саясат” жасаган жок. Жолдон саясатты “саратниктериңиз” жасап жатат. Кайсы бир чиновниктин кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй бир дубан эл жер карап отурганы жакшы жөрөлгө эмес! Элге жолдун эрте, сапаттуу бүткөнү пайда. Былтыркы көл сезонундагыдай, быйыл да көлдүктөр жол кыйнчылыгына дуушар болбосун. “Лонг Хай” компаниясынын 9 айлык мөөнөтү “акча жок” шылтоосу менен жокко чыгарылыптыр. Өкмөт башчысы катары калыс карап, иштеп аткан ишканага болгон тоскоолдукту алып салыңыз. Жол куруу иши ыкчам ишке кирүүсүн шарттаңыз. Жол Кудайдыкы! Жолду тоскон Кудайга жакпайт!
Чыныгы даражаны Элден алышыңызды каалайм, ажого жасаган мамиледен тапкан шагыраган орден-медалдарды көтөрө албай калган күрмө тез эле чечилет…

Азамат Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: