Ош шаарында 30 жаштагы эркек киши 11 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү жергиликтүү тургун милиция бөлүмүнө кайрылып, ал иниси кызына тийишкенин айткан.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери унаа менен барышып, 1990-жылы туулган шектүүнү кармашкан.
Бул факт боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “16 жашка чыга элек адам менен сексуалдык аракеттер” беренеси боюнча иш козголгон. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуга бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ