Menu

Бир айда Мирзиёевдин виртуалдуу кабылдамасына 20 миң арыз түштү

Бөлүшүү:

Бир ай аралыгында Шавкат Мирзиёевдин виртуалдуу кабылдамасына жарандардан 20 миңден ашуун кайрылуу келип түштү. gov.uz расмий порталына жолдонгон арыз-муңдарды өкмөт чиновниктери өз убагында карап, кемчиликтерди жоюуну убадалашууда.

Мирзиёевдин виртуалдуу кабылдамасына жооптуу аткаминердин айтымында, жарандарын көпчүлүгү банктардагы накталай акчалардын жоктугуна, айыл жериндеги электр жана газдын тартыштыгына, мындан тышкары автосалондордо машина сатып алуунун кыйын экендигине нааразы.

Атуулдар Ташкент шаарына катталуудагы жана биопаспорт алуудагы кыйынчылыктар, ошондой эле укук коргоо органдарынын мыйзамыз аракеттери боюнча да арызданышкан.

Виртуалдуу кабылдама жума бою тынымсыз иштейт. Жарандар чечилбей жаткан көйгөйлөрү боюнча кыска номурларга телефон чалып же кат жолдой алышат.

Бул арада Фейсбук социалдык түйүнүндө дагы атайын баракча ачылды. Бул жерде Мирзиёевдин виртуалдуу кабылдамасына түшкөн арыздар жана алардын чечүү боюнча кабыл алынган чаралар туурасында маалымат берилүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: