Menu

Кашаң министр калпты коюп, катышкан депутаттарды ачык айтпайбы

Бөлүшүү:

Кашкар Жунушалиев деген министрлик кызматка эмес, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчылыгына эле татыктуу экенин буга чейин далай ЖМКлар жазды. Анын деңгээли ИИМди реформа кылууга эмес, талкалоого, элине каршы  зордук-зомбулук көрсөтүүгө толук жетет экен. Себеби, ИИМде реформа жүрмөк турсун, жүргүзүлгөн реформалардын тамтыгын чыгаруу иштери болгонун жалпы коомчулук жакшы билет. Жунушалиев Атамбаев камалгандан кийинки Ала-Тоо аянтындагы ызы-чуу боюнча буларды айтты. “Соттолгондор менен наркомандар бийликти алып, шаарды тоноп, ызы-чуу салганга аракет жасашты. Ошолордун аркасында аларды уюштурган азыркы жана мурдагы депутаттар бар экенин айта кетем. Азыр тергөө жүрүп жатат. Кийин керек болсо алардын аты-жөнүн да айтабыз”, – деди.

Министр ар кайсынын башын кылтыйтып айтпай, кылмышка шектүүлөрдү дароо айтышы керек эле.

Көшөгө артындагы көмүскө тергөөнүн жүрүшүндө чындыкка кошпогон жагдайлар да жармаштырылып калышы толук мүмкүн. Андыктан, мындай нерселерди табышмак кылбай дароо айтуу зарыл.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: