Menu

Пентагон башчысы Путин эл аралык тартипке каршы чакырык жасаганын билдирүүдө

Бөлүшүү:

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Орусия президенти Владимир Путинди Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин орногон тынчтыкка зыян келтирүүдө деп айыптады.

Мэттис бул тууралуу 28-июнда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европаны калыбына келтирүү боюнча Маршалл планынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата сөз сүйлөп жатып билдирди.

АКШнын коргоо министри Путин башка өлкө аймактарындагы коопсуздукка заян келтирип жатканын айтты. “Бирок бул Орусиядагы бейкутчулукту калыбына келтирүүгө жана үмүт отун кайрадан жандырууга жардам бербейт”, -деди ал.

Москва менен Батыштын мамилесинин начарлаганын айткан Мэттис Орусия Крымды аннескиялап, АКШдагы шайлоого кийлигишүү менен согуштан кийинки коопсуздукка жана бейкутчулукка чакырык жасоону чечти деп белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: