Menu

Акылбек Усупбаев, Республикалык урология борборунун жетекчиси: “Адамдын органдарын алмаштырууну жеке менчик ооруканаларга берүү маселеси – өтө кооптуу”

Бөлүшүү:

-Акылбек Чолпонкулович, акыркы мезгилде урология оорулары абдан көбөйүп кеткени жалпыга маалым. Республикабыздын башкы урологу катары бул көйгөй боюнча эмне айтасыз?

—Кыргызстанда бир эле урология эмес, баардык эле оорулардын көбөйүп жатканы байкалып жатат. Ал эми урология ооруларынын көрсөткүчү он жыл мурун башка оорулардын түрлөрүнө салыштырмалуу 5-6 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө 12 пайызды түздү. Акыркы жылдары айрыкча бөйрөк, табарсык оорулары, заара чыккыч жана жыныс ооруларынын онкологиялык оорулары эки эсе көбөйүп кетти. Чынында азыркы жетишкен, илим-билим күчөп өнүккөн 21-кылымда мындай оорулар азайыш керек эле. Тилекке каршы, андай болбой, эгемендүүлүк алган жылдардан бери бизде тескерисинче оорулардын түрлөрү күч алды да. Буга биринчиден экономикалык абалыбыз, жумушсуздук, экологиянын начардыгы, жыныс оорулардын, инфекциялык оорулардын көбөйүшү себеп болду. Бөйрөк иштебей калып, гемодиализге түшүп калып жатышпайбы. Азыр мамлекеттин эсебинен 350 адам гемодиализде дарыланып жатат. Ал эми жалпысынан алганда гемодиализде жаткандардын саны абдан эле көп. Мунун баары баягы эле суук тийүү, татаал тагдырдын азабы, миграция түйшүгү, туура эмес тамактануу сыяктуу турмуштук көрүнүштөрдөн пайда болуп жатат да. Бир сөз менен айтканда, адамдар барган сайын ден-соолугуна көңүл бурбай, начар мамиле кылып калышты. Айрымдар ооруп калганда адистерге кайрылбай, өз алдынча да дарыланышат. Мунун кесепети өкүнүчтүү болуп калышы мүмкүн.

—Жогорку Кеңеш бүгүнкү күндө жеке менчик клиникаларга адамдын органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгуу ниетинде турат. Бул мыйзам 2016-жылы колдоо таппай калган эле. Эми кайра ишке ашырууга кызыгып жатышканы коомчулукта талкуу алынууда. Сиздин оюңуз кандай?

—Азыркыдай оош-кыйыш заманда бул маселени мыйзам менен жеке менчик ооруканаларга жүктөп коюш абдан эле туура эмес болуп калат. Органдарды алмаштыруу деген жөнөкөй иш эмес. Бул мамлекеттик чоң маселе экенин унутпашыбыз керек. Өнүккөн мамлекеттерде адамдардын органдарын алмаштыруу ишин мамлекеттик ооруканалар өзү жүргүзөт. Бирок бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Ушул себептен биздин жарандар чет мамлекеттерге барып, алмаштырып келип жатышпайбы. Бизде деле кеч башталса да, бөйрөктү алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бирок азырынча тажрыйба азыраак. Эми бул ишти күчөтүш керек. Тиешелүү иштер жасалышы зарыл. Бизде улуттук госпиталга, башка чоң клиникаларга уруксат берип, шартын түзүүгө мамлекет тарабынан аракеттер болушу керек. Негизи кеп бөйрөктү алмаштырып коюу эле эмес. Алмаштыргандан кийин да дарылоо иш-чарасына көп акча кетет.

—Болжол менен бизде бөйрөк алмаштыруу иш-чарасын ишке ашырууга канча каражат кетиш керек?

—Болжол менен бир операция жана андан кийинки дарылоо иштерине 10-15 миң долларга чейин кетет. Эми мамлекет бул каражатты толук көтөрө албайт. Мисалы, мамлекет жок дегенде 50 пайызын өзү төлөсө, калганын муктаждар өздөрү төлөйт эле да. Биздин клиникага азырынча расмий түрдө органдарды алмаштырууга уруксат бериле элек, бирок беребиз деген ниетин билдиришкен. Эми уруксат беришип, шартын түзүп беришсе, биз да бул маселени ишке ашырууга белсенип жатабыз.

—Адамдын органдарын алмаштырууну жеке клиникаларга берүү маселесинин артында эмне кызыкчылык бар? Депутаттар бул ишке мамлекеттин каражаты жок деген эле жүйө келтирип жатышабы? Же бул маселеде кандайдыр бир лобби барбы?

—Абдан туура суроо болду. Бул маселеде лобби бар болушу да мүмкүн. Анткени, депутаттар болобу, же башка бир колунда барлардын жеке клиникалары бар да. Алардын
да кызыкчылыгы бар деп айтуу кыйын. Экинчиден, бул мыйзамды киргизгиси келгендер мамлекеттин алсыздыгын пайдаланып жатышат. Менин оюмча, адамдын органдарын алмаштыруу ишин жеке клиникаларга берүү маселеси өтө кооптуу. Адамдык жактан алганда да, юридикалык жактан алганда да бул туура эмес иш болуп калат. Эгер ишке ашып кете турган болсо, ар кандай болуп, мунун арты абдан эле жаман болуп калышы мүмкүн. Маселен, органдар көзөмөлгө алынбай, донорлор туура эмес кабыл алынып , калат деп ким кепилдик берет. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн органдарды алмаштыруу маселеси сөзсүз түрдө мамлекеттин көзөмөлүндө болушу зарыл.

—Сиз жетектеген урология борборуна бир күндө канча адам кайрылат?

—Ушу тапта биздин борбордо такай 150 адам дарыланып турат, ал эми күн сайын кайрылган адамдардын саны 40-50гө жетет. Бизге негизинен бөйрөктүн сезгенүүсү, табарсык оорулары, “простата” бездеринин сезгенүүсү, аденома оорулары менен көп кайрылышат. Ал эми аялдар табарсыктын сезгенүүсү, андан тышкары бөйрөктө заараны кармабай калганы менен эң көп кайрылышат. Биздин борбор негизинен улуттук госпиталдын курамында, 2013-жылы республикалык урология түзүлүп, жаңы имаратка көчкөнбүз. Ошондон бери биз заманбап технологияларды киргизгенге аракет кылып келатабыз. Мисалы, ооруган адамды эндоскопиялык жол менен дарылап, эки-үч күндө эле сакайтуу ыкмаларын колдонуп жатабыз. Бөйрөктүн, “простата “ безинин, табарсыктын рак оорулары да көбөйүп кетти. Бир мисал келтирейин. Союз учурунда биз бир айдын ичинде “простата” бези менен жабыркаган 2 адамды эле дарылачубуз. Ал кезде чынында аз болчу. Ал эми акыркы эки жылдын ичинде мындай оору менен 200 адамды дарыладык, анын 100үнө чоң операция кылдык. Андан тышкары, тукумсуздук, эркектин жыныстык алсыздыгы менен кайрылган эркектер да көбөйдү.

—Акыркы жылдары Саламаттык сактоо тармагын реформалайбыз деп эле талапка ылайык келбеген ар кандай иштер жасалып келет. Бул маселе боюнча сиздин жеке көз карашыңыз кандай?

—Мен жеке көз карашымды айтайын. Бул оюмду мен эч кимге таңуулабайм. Чынында союз мезгилиндеги медицина тармагына киргизилген система абдан туура болгон. Бир сөз менен айтканда ал учурдагы медицина – профлактика жолу менен жүргөн система болчу да. Ооруларды пайда кылбоо үчүн алдын-алуу иш-чаралары абдан көп жүргүзүлчү. Союз тарагандан кийин ал ыкма көп колдонулбай калбадыбы. Өзүң айткандай буга чейин бир топ, маселен: “Манас”, “Ден-соолук” деп аталган реформаларын мисалга алсак болот. Анын баары, Дүйнөлүк банк, ПРООН, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуулардын “диктовкасы” болду. Ошон үчүн мен айтат элем, мисалы, Англиянын, же Американын реформасы бизге болбойт. Биз көрүнгөн эле мамлекеттер, же ири уюмдар акча беребиз десе, алардын сунушуна макул боло бербешибиз керек. Эгер баарына макул боло берсек, болгон системабызды талкалап бүтөбүз да. Ансыз деле акыркы 20-25 жылда чет жактардан реформага деп келген 1 миллиардга жакын каражат сарпталыптыр. Ал каражаттын кайда кеткенин да толук билбейбиз. Бирок жыйынтыгы эл күткөндөй болбой калды да. Реформа деген биздин менталитетибизге, шартыбызга жараша жасалышы керек. Мисалы, Эл аралык уюмдардын бере турган каражатын колдонуп, аларга да туура түшүндүрүп айтып, элге керектүү реформа жүргүзүшүбүз зарыл. Мисалы, Саламаттык сактоо тармагындагы кайсы бир багыттарды жаап салуу оңой эле. Бирок ошол эле багытта кайра түзүү, жандантуу бир топ кыйынчылыкка турат. Ошон үчүн реформа деген терең ойлонулуп, анан ишке ашышы абзел. Мисалы, азыр айылдардагы ФАПтарга көңүл бурулуп жатат. Бул туура кадам. Эмнеге дегенде адамдардын оорусуна алдын-ала кам көрүү иши мындан да күчөтүлүшү керек. Азыртан кам көрбөсөк, кийин көп каражат да кетет, ар кандай оорунун зыяны да көп болуп калышы мүмкүн.

—Реформа дагы кандай багытта жасалышы керек?

— Биздин президент Сооронбай  Шарипович, жакында чоң жыйында Саламаттык сактоо тармагындагы, тагыраагы ооруканалардагы көмүскө экономиканы баса белгилеп айтып, ооруган адам ооруканага киргенден чыкканга чейин акча төлөй турганын мисалга келтирди.. Президенттин бул сөздөрү абдан туура. Мен бул сөзгө 100 пайыз кошулам. Эмнеге дегенде биздин ооруканалардагы негизги медициналык жабдыктардын баары эскирип бүттү. Компьютердик томография деген сыяктуу жаңы жабдыктар, тиешелүү лабораториялар жок. Мына ушундан улам, мамлекеттик ооруканалар ооруп кайрылгандарды жеке менчик ооруканаларга жиберүүгө айласыз болуп жатышат. Ошондуктан жеке менчик клиникалардын элементтерин биздин мамлекеттик ооруканаларга да киргизиш керек. Мисалы, биздин госпиталда түштөн кийин медициналык ар кандай аппараттар колдонулбай турат. Себеби, негизги операциялар түшкө чейин болот да. Түштөн кийин жөн эле бош тургузбай, ал аппараттарды оорукананын дарыгерлерине колдонууга уруксат беришибиз керек. Алар 4-5, же андан көбүрөөк болуп биригип алып, маселен, операциялык бөлмөнү, аппараттарды ижарага алып алып иштетишсе, мамлекеттик ооруканага да, өздөрүнүн айлыгына да кошулуп пайдалуу болот. Ошентип, ооруканалардагы көмүскө экономика акырындап жоголот. Мына ушундай ыкманы республикадагы бардык мамлекеттик ооруканаларга киргизишибиз керек.

—Бул жакшы сунуш экен. Бул маселени ишке ашыруу үчүн өзүнчө мыйзам керекпи?

—Өзүнчө мыйзам керек болот. Ошондой эле ооруканалардын жобосун өзгөртүп, уруксат бериш керек. Ансыз деле бул мен айткан маселе боюнча пайданы мамлекет эмес, мамлекеттик ооруканалардын тегерегинде жайгашкан жеке менчик аптекалар, клиникалар көрүп жатышат. Эл да кымбат экенине кайыл болуп, ошол жеке менчик клиникаларга барып жатышпайбы. Бул маселени ишке ашырып, талапка ылайык шарт түзүп койсок, биз элге да кыйла жардам берген болот элек. Мен эки жыл катары менен Швейцарияда стажировкада болдум. Ал мамлекетте мен айтып жаткан маселе ийгиликтүү ишке ашыптыр. Мамлекеттик эле чоң оорукананын ичинде 10го жакын дарыгер акционердик коом сыяктуу уюм түзүп алып, элди дарылап, өздөрүнө да, мамлекетке да жакшы пайда алып келишет экен.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: