Menu

Жалал-Абадда жер астынан өтмөк курулат

Бөлүшүү:

“Жалал-Абадда шаар тарыхындагы биринчи жолу жөө атуулдар үчүн жер астынан заманбап өтмөк курулат. Бул тууралуу шаар мэри Салайдин Авазов жергиликтүү журналисттерге билдирди» – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Анын айтымында, шаарда унаа тыгындарын, жөө атуулдардын жол кыйымылын кыйындатып жаткан Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан өтмөк курула турган болду.

-Биз өткөн жылы Ленин көчөсүнө экинчи асма көпүрөнү куруудан мурун эл арасында сурамжылоо иштерин алып барганбыз. Элдин көпчүлүгү шаар борборунда унаалардын жана жөө атуулдардын көп жүрөрлүгүн билдиришип, жер астынан өтмөк куруу зарыл деп эсептешкен. Биз быйыл элдин ушул талабын эске алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер астынан өтмөк курууну ишке ашырабыз. Жакын арада иштер башталып калат, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешине шайланган депутаттар фракциялар аралык өз ара бир пикирге келише албагандыгынан таркап кетишип, шаардын 2017-жылга карата бюджети бекитилбей кала берген. Жер астынан өтмөк куруунун наркы 23 миллион деп аныкталган. Бюджет бекитилбей, курулуш каржы булагысыз туруп калгандыктан, шаар мэри жогорку органдарга кайрылууга мажбур болду.

-Биз Кыргыз Ресубликасынын Өкмөтүнө кайрылып, жардам сурадык. Премьер-министр баш болуп, шаарыбызга жардам бермек болушту. Буюрса, шаардагы беш-алты долбоорубуздун арасында жер асты өтмөгү да республикалык каржынын эсебинен шаар калкы үчүн бүткөрүлүп берилет, – дейт С. Авазов.

Шаар мэриясынын курулуш, транспорт, байланыш секторунун башчысы Миргүл Эгемованын айтымында, жер асты өтмөгүнүн техникалык-экономикалык түшүндүрмөсү, эскиздери, долбоорлук чийимдери даяр. Каржылоо башталса, ишти дароо баштоого болот.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: