Menu

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы биринчи кезекте курулуш жана оңдоого муктаж болгон объекттердин тизмегин аныктоону тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 19-апрелде, өлкөдөгү социалдык маанидеги объекттердин курулуш жана реконструкция маселесини байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы бул бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча 2017-жылы курулуш жана ремонт үчүн социалдык маанидеги объекттердин артыкчылыктуу тизмесин аныктоо үчүн зарыл экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, быйыл төрт ири ирригациялык долбоорду ишке ашыруу, Ысык-Көл облусунда мугалимдерге пансионат куруу, Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо, өлкөдөгу бардык авариялык абалдагы мектептердин курулуш иштерин аягына чыгаруу жана стратегиялык маанидеги ички жолдорду реконструкциялоо иштери аткарылат.

Премьер-министр тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине 2017-жылы биринчи кезекте курулуш жана оңдоого муктаж болгон объекттердин тизмегин аныктоону тапшырды.

Финансы министрлигине жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууга убагында каражат бөлүү милдети коюлду.

Жыйынга Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Архитектура курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: