Бүгүн 20 апрель күнү Парламенттин алдында бийликтин саясий куугунтуктоо, репрессия, мыйзамсыз камоолоруна каршы митинг өтүүдө. Митингчилер мыйзамсыз камалган Өмурбек Текебаевге боштондук талап коюушууда. Текебаевден тышкары, былтыр “Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган”, статья менен камалган жана 4 жылдан 20 жылга чейин кесилген Бекболот Талгарбеков, Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана башкаларга боштондукту талап кылышууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ