БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева социалдык тармактар аркылуу өлкөдө болуп жаткан адилетсиздик туралуу оюн билдирди.
«Эске салып кетсем, 2007 жылы кезексиз парламенттик шайлоо өткөн. Ошондо, «Ата-Мекен» партиясы женишке жеткен, бирок эмнегедир СДПК анын ордун ээлеп алган. Көп өтпөй 2009-жылы Атамбаев президенттик шайлоого катышууну чечкенде аны көптөгөн саясатчылар колдоп беришкен. Ал шайлоо өтө олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөн. Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери анын жыйынтыктарына каршы чыккан учурда, милиция аларды камап баштаган. Кармалгандардын көпчүлүгү аялдар болгон. Бийликтин мындай адилетсиздигине баш ийгибиз келбей, ошол аялдарды колдоо максатында биз 4 төрт аял – Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова, Асия Сасыкбаева жана мен болуп Ак үйдүн алдына чыкканбыз. Бирок милиция бизди сүрүп салган. Бир канча күндөн кийин кайра митингке чыктык, милиция тез эле алып кетпеши үчүн кишен менен өзүбүздү дарбазаларга бекиткенбиз» – деп ал күндөрдү эске салды Джурабаева.
БШКнын мүчөсүнүн айтуусу боюнча, ошондон бер демократия, акыйкат үчүн күрөш акталган жок.
«2009 жылы бийлик Энергосекторду өтө арзан баада сатып жиберүүнү пландап жаткан. «Ата-Мекен» партиясы буга каршы кол чогултуп баштаган. Милиция ошондо дагы аларды алып кетип камап салган. Укук коргоо органдары дайыма бийликтин айткандарын аткарып келген, тагыраак айтканда, Кыргызстандын укук коргоо органдары жарандарын эмес, а бийликтин режимин коргоп келген» – деп билдирди БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева.
https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1478419815553802/
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ