Menu

Түркия менен Орусиянын аскерлеринин күзөтү эртең башталат

Бөлүшүү:

Эртең, 1-ноябрда, Сирияда Орусия менен Түркиянын аскерлеринин күзөтү башталат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 30-октябрда парламентте кайрылуу жасаганда билдирген.

Анын айтымында, эки мамлекеттин куралдуу күчтөрү Сириянын Түркияга жакын жеринин жети чакырымын чогуу кайтарат.

Эске сала кетсек, Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт кошуундарына каршы Түркия “Тынчтык булагы” аскердик операциясын 9-октябрда баштаган. Бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилкесин түзүп, ага өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Ага АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын мындай аракетин айыптап, сындашкан. Ал эми Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү түрк аскерлеринин операциясына сөз тийгизген Евробиримдиги менен араб өлкөлөрүн сындаган. Ошондой эле ал телекайрылуу жасап, “эгерде Евробиримдик түрк операциясын мыйзамсыз кол салуу” деп эсептесе, анда Түркия ЕБ тараптагы чегараны ачып, Европага 3 миллион качкынды коё берип жиберерин айтып коркуткан.

17-октябрда Вашингтондун ортого түшүүсү менен Түркия мамлекети Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макулдугун берген.

22-октябрда Сочи шаарындагы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуп, өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан. Ал документте сириялык күрт кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектешкен аймактан толугу менен чыгып кетиши керектиги, бул мөөнөт 23-октябрда, саат 12де башталаары, ушул убакыттан тартып Анкаранын “Тынчтык булагы” аскердик операциясы Орусиянын аскердик полициясы жана Сириянын чек арачылары аймактарга киргизилээри, ал 6 күн, алты саатка созула тургандыгы, бул убакытта ок атылбашы керектиги жазылган. Ушунун баары аткарылгандан кийин, Түркия менен Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүшмөк.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: