-Алмаз мырза, Балыкчы шаарында ондон ашык окуучунун, ага кошул-ташыл болгон эки мугалимдин ууланганы талкуу болууда. Алардын абалынан шаардын мэри катары кабар алдыңызбы? Учурда жалпысынан Балыкчыда абал кандай?
Үстүбуздөгү жылдын 17-апрелинде болжолдуу саат 10.15тер чамасында Балыкчы шаардык №3 К.Абдылдаев атындагы орто мектебинин коридорунда дем алуу органдарына терс таасирин берген белгисиз жыт пайда болгон. Окуя билинер замат мектеп ке эвакуация сиренасы берилип, баардык окуучулар мектептин сыртына чыгарылган. Ыкчам аракетте 101, 102, 103 кызматтары чакырылган. Шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун «тез жардам» кызматынын берген маалыматына ылайык, белгисиз затты дем алган 14 жаш өспүрүм дароо ооруканага жеткирилип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн (дем алуу органдарына кислород берилип, капельница коюлган). Окуя болгон жерди шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүүгө алып, химиялык, биологиялык уулуу зат колдонулган эместигин тастыкташкан. Шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан бул катталган окуя алкагында кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, бүгүнкү күнгө жыйынтыктарын билдиришти. Ыкчам иликтөө ишинин жыйынтыгы боюнча ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу 15 жаштагы өспүрүм ата-энесинин уруксаты жок үйүнөн коргонуу багытындагы «Jenix» спрейин (перцовый спрей) алып келип, 11-класстын окуучуларына көрсөтүшкөн. Жогорку класстын окуучулары (11-класс) бейбаштык менен мектептин коридоруна чачып жиберишип, өздөрү окуя болгон жерден качып кетишкен. Азыркы кезде тиешелүү алдын алуу профилактикалык иштер, буга удаа мектеп окуучуларынын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнү айрым бир массалык маалымат каражаттары тарабынан такталбаган кээ бир маалыматтар коомчулукка жайылып кеткендигин билдиребиз. Окуя катталган күнү шаардагы баардык тиешелүү куткаруу, тез жардам, ички иштер органдары ыкчам аракетте иш алып барышкан. Эч кандай жерге жатып калган окуучулар болгон эмес. Балдар шаардык ооруканага убагында жеткирилген, биздин буйругубуз менен үйүнө кетирбестен, толук профилактакалык дарылоо бүткөнгө чейин дарыланышат. Дарылоо маселеси боюнча толук каржы чечилди.
– Жакында Балыкчы шаарына мэр болгонуңузга бир жыл толот экен. Бул аралыкта «косяк» кетирген мэрлерди айдап жолго салган балыкчылык айрым «арызчыл» оппозициялык тургундар менен кантип иштешип жатасыз?
– Акыркы жылдары коомдо «арызчыл” деген категория кеңири жайылып кетти. Мен «арызчыл» деген категорияны колдонуудан кетсек деп айтат элем. Бул боюнча менин позициям – ар бир жаран өз ой-пикирин, кимдир бирөөнүн иш-аракеттерин жактырбоого жана аны билдиргенге укуктуу. Бул жагдайда кандайдыр бир маселе жаралбаш керек. Мисалы, кимдир бирөө мэрди, ишкананын жетекчисин жамандап, иштерине нааразы болсо, ал ошол адамдын позициясы, өзүнүн баамы. Ошол эле учурда «арызчылдар» көтөргөн маселени тиешелүү деңгээлде карап, мыйзамда каралган шарттар менен жооп бериш керек. Ушундай позицияны карманып иш алып барса, жетекчилерге бир топ жеңил болот эле. Арызчылдык маселесин чоң көйгөй кылып, буга карата өзүнчө ар кандай саясат иштерине аралыштырбай эле коюш керек. Мен бүгүн карапайым эл кызматындамын. Элдин кээ бири мага тиешелуу кандайдыр бир маселе козгосо, анда мен ошол маселени сөзсүз карап чыгып, ошол боюнча иш алып барам.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ