Menu

Айбек Бусурманкулов: “Жерүй” алтын кени боюнча “Альянс Алтын” ЖЧКсы “VISOR” компаниясына $580 млн төлөп бердик дегени – бул афера”

Бөлүшүү:

2015-жылы Атамбаев президент, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда $5 млрд алтыны бар Жерүй алтын кенин Бабанов ээрчитип келген Россиялык чечен бизнесмендерине $100 млн акчага, Кыргызстанга алтындан 1% үлүш калтырбай саттык, деп тынчытышкан аферанын беттерин элдик комиссия ача баштады:

АлТын мафиясы. Жерүй. 580 млн. доллар аферасы.
Жерүй Элдик комиссиянын алган документтерине таянып.

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралында 41-буйругу менен бекитилген конкурстун шартынын 15-пунктунда көрсөтүлгөн талапты “Альянс Алтын” ЖЧК бурмалап коомчулукка туура эмес жеткирип жатат. Конкурстун шартында: “мурунку лицензиат менен соттук иштерде КР кызыкчылыгын коргоо, соттун чечими болсо” деп көрсөтүлгөн.

Ал эми мурунку лизензиат болсо “Жерүйалтын” ЖАК болгон. Анын 60% “VISOR” инвестициялык тобуна, ал эми 40% “Кыргызалтын” ААКна таандык болгон. “Кыргызалтын” ААК өзүнү 40% таламын талашаканы, талашпаганы белгисиз. КР Жогорку Сотунун Кыргыз Өкмөтү “Жерүйалтын” ЖАК лицензиясын туура жокко чыгарган деген чечими бар. Эгерде лицензия туура жокко чыкса биз эмне үчүн 580 млн. доллар “VISOR” инвестициялык тобуна төлөп беришибиз керек? Курулган ишкананын баасы $300 млн. ашып жатса, курулбаган ишканага эмне үчүн $580 млн. төлөп беришибиз керек? “VISOR” инвестициялык тобунун Жерүйгө кеткен чыгымына аудит жүргүзүлгөн эмес! Афера ушундай схема аркылуу жүргөн.

Эми каттарга жоопко келели. Конкурстун шарты боюнча соттун чечим болуш керек эле. Бизге келген Соттук өкүлчүлүк борбордун катына таянсак соттун чечими жок!
Анан эмне үчүн “Альянс Алтын” Визорго 580 млн. доллар төлөп бериш керек???
2016-жылдын 4-июлунда Жерүй боюнча коомдук угуунун протоколунан.
“Альянс Алтын” ЖЧКнын директорунун милдетин аткаруучу Рахматов С.Н. айтып жатат: “Визор” компаниясынын КР Өкмөтүнө 580 млн. доллар койгон доо арызын жөнгө салууну өзүнө алган деп. Конкурстун шартында жөнгө салуунун ордуна Визорду эл аралык соттор КР кызыкчылыгын коргоп утуш керек болчу. Анткени Визор КР Өкмөтүнө Жогорку Соттон утулуп калган. Анан кайдагы 580 млн. доллар???

КР Башкы прокуратурасы укуктук баа бериш керек. Мамлекеттик жана Өкмөттүк комиссиялар түзүлүп ушул жагдайлар терең изилдениш керек!

Элдин байлыгы – Элге!

Айбек Бусурманкулов, Жерүй алтын кени боюнча элдик комиссиянын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: