Menu

Кундуз Жолдубаева, КСДПчы: “Мени “саткын” дегендердин бетин ачам, абийирин төгөм”

Бөлүшүү:

“КСДП Атамбаев менен” деп калышкан бир ууч атамбаевчилер да өз ара тытышып, кырды-бычак болушууда. Бүгүн саясый кеңештин мүчөсү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактардагы баракчаларын бирине төмөнкүдөй мазмундагы пост жазды:

“Бети жоктуктун дагы чеги болуш керек! Калптын казаны кайнабайт! Жакында баары ачыкка чыгат. Унчукпай, кой деген сайын башка чыгып алышты! Ачуу чындык баардыгына чекит коет, факты менен тастыкталган чындык! Айрым кишилерди көрүп, мен уялып кетип жатам. Кичине ар-намыс деген болуш керек да! Абакта жаткандар дагы үн катат жакында, баардыгын ачык айтып, кимдин ким экенин коомчулуукка ачык айтышат. “Эл көзүнө кылган” жоруктарга чекит коюш керек. Мен сүйлөсөм, абийириңер төгүлөт. Дагы мени саткын дегендердин бетин ачам!”- дейт Жолдубаева.

Бул постко калтырылган активдүү атамбаевчилердин пикирлери өзүнүн карама каршылыктуу көз караштары менен партиянын ичиндеги жиктенүүнүн деңгээлин көрсөтөт:

Мирбек Айтикеев: Сагынбек Абдырахманов партияны болуп жарды деп жаман көрдүк эле. Эми минтип балдары бөлүп жатат. Өкүнүчтүү… Алмазбек Шаршеновичтин пикири кандай билгим келет!

Рита Борбукеева:  Адил Турдукуловго эми Америкада жүргөн Айтикеев кошулду го? Ушуларга ким ишенет?

Эра Каныбекович: Адилди жоготкулачы провокатор.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-майда КСДПчы депутат Ирина Карамушкина абактагы Алмаз Атамбаевдин балдары Сеид жана Кадыр, ошондой эле Темирлан Султанбеков менен бирдикте “Кыргызстан социал- демократтары” аттуу жаңы партия түзүшкөнүн жана ал партияга “саткындар” Адил Турдукулов, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаевалар киргизилбей турганын жарыялаган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: