Menu

Ашхабад полициясы шаарды кайырчы балдардан «тазалоодо»

Бөлүшүү:

Ашхабад полициясы шаардын көчөлөрүндө тилемчилик кылып жүргөн жашы жете элек балдардын арасында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Акыркы кездери өлкөдө кайырчылык менен алектенген тестиерлердин кыйла көбөйгөнү айтылып келет.

Полиция тилемчилик кылып жүргөн баланы алгачкы жолу кармаганда ага эскертүү берет. Бул көрүнүш дагы кайталанса ата-энеси менен туугандары баланы кайырчылыкка мажбурлоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы тууралуу эскертүү алышат.

Ашхабаддын жашоочулары акыркы кездери тилемчилик кылган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, ошондой эле аларды кармап жаткан полиция кызматкерлерин борбордун көчөлөрүндө жана май куюу жайларында көп көрүүгө болорун билдиришүүдө.

“Көчөдө майыптар арабасына отуруп алып кайырчылык менен алектенген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бардык эле өлкөнүн, анын ичинде Түркмөнстандын дагы имиджине зыян алып келет. Башкы максат – абройго терс таасир эткен нерселерге каршы күрөшүү”, – деп билдирди аты-жөнүн билдиргиси келбеген полициячы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: