Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруунун алкагында, 6-март күнү УКМК ККК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-март күнү билдирди.
Такталгандай жогорудагы аталган адамдар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча каражатын талап кылышкан. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренси (Опузалап пара алуу) боюнча кылымштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалгандар Талас облусттук ИИБ Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ