Жаш кызга жыныстык катнаштын бузук түрүн сунуштаган sms билдирүү жөнөткөн таксисттин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал “SMS такси” компаниясында таксист болуп иштеген Бишкек шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган Эркинбек у. А. экени белгилүү болду. Таксист азыркы учурда шаардык милиция бөлүмүндө отурат.
Таксист ошол убакта дос балдары менен сүйлөшүп жатып, капысынан sms билдирүүнү жаш жүргүнчү кызга жиберип алгандыгын билдирген. Милиция кызматкери анын телефонундагы достору менен жазышкан sms билдирүүлөрдү текшерип, убак-сааты дал келгендигин аныктаган.
“Бул иш ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Издеп жатканынбызды угуп, ал бөлүмгө өзү издеп келди. Учурда шаардык милиция бөлүмүндө отурат”,-деп билдирди участкалык милиционер.
Эске салсак, 1-декабрь күнү кечинде Бишкек шаарындагы таксисттердин бири жумуш үстүндө өз телефонунан жаш жүргүнчү кызга жыныстык катнаштын бузук түрүн сунуштаган sms билдирүү жөнөткөн. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Эрик Абдыкалыков өзүнүн баракчасына жазып чыккан.
Булак:Kyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ