Menu

Мигранттарга төлөнө турган пенсиялар кандай тартипте эсептелинет?

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Түркияда иштеген жарандар пенсия курагына келгенде стаждарды пропорционалдуу эсептөө негиздеринен пайдалана алышат. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Бул багытта “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн буйругунун долбоору даярдалды. Аны Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети карап, өкмөттүн буйругунун долбооруна макулдугун билдирди. Эми ушул эле маселе парламенттин Бюджет жана каржы комитети менен Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин дагы олтурумдарынын күн тартибинде каралат.

Азыр калктын эмгекке жарамдуу басымдуу бөлүгү Түркияда иштеп жаткандыктан, бул маселенин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат алып берүү үчүн “Парламент” радиосу бүгүнкү, 6-сентябрдагы түз эфирине ЖК депутаты Аида Касымалиева менен КР Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаровду чакырды.

Эгерде жогорудагы пенсиялык системага тиешелүү болгон кыргыз-түрк өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлуп калса, бул Түркиядагы мигрант мекендештерибиз үчүн социалдык чоң колдоо бере турган кадам болот, – дейт депутат А.Касымалиева.

Ошондой эле эл өкүлү мигранттарга легалдуу шартта иштөө сунушу массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири түшүндүрүлүшү керек,- деген пикирин дагы билдирди. Ошондо гана социалдык төлөмдөрдү чегерүүдөгү так талаптар сакталат,- дейт парламентарий айым. Ошондой эле ал, – сөөк коюуга каралган компенсациялык төлөмдөр биздин мыйзамда каралып, ал эми Түркиянын мыйзамдарында неге камтылбай калгандыгына да кызыкты.

Бул негиздерге жооп берген Социалдык фонддун төрагасы Т.Абжапаровдун айтымында, Кыргызстандын шартында кайтыш болгон пенсионер адамга 17 миң 800 сом төлөнөт. Ал эми Түркиянын мыйзамдарында мындай талаптар камтылбай калган, – дейт ал.

Учурда кыргызстандык жарандардын 14 миңге жакыны легалдуу шартта Түркияда иштеп жатышат. Алардын 20%ын пенсия курагындагылар түзүшөт. Ал эми түрк жарандарынын Кыргызстанда иштеп жаткан бөлүгү 5,4 миң киши. Эгерде эки тараптуу макулдашууларга кол коюлуп, ратификациялык мыйзам долбоору кабыл алынып калса, пенсия алуучу жарандар жеке тандоосуна жараша каалаган банк кызматтарын колдонушса болот.  Бул багытта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 4 жолку раунду болуп өттү. Министрликтердин 14ү дагы колдоо пикирлерин билдиришти, – дейт КР Социалдык фондунун төрагасы Т.Абжапаров.

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекетттердин ортосундагы социалдык төлөмдөр жаатында дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген Соцфонддун жетекчисинин айтымында, Россия тарап менен макулдаша турган бир топ жагдайлар бар. “Себеби, алардын мыйзамдары боюнча өзүнүн жергиликтүү жарандарына колдоно турган пенсиялык коэффициент 2% болсо, ал эми сырттан келген мигранттарга караган өлчөм 1%ды гана түзүүдө. Ушул жагынан теңчилдикке жетишсек деген аракеттер болуп жатат. Ал эми калган ошол ЕЭАБ курамындагы башка мамлекеттер менен талаш-тартыштар дээрлик жок”,- деп билдирди Т.Абжапаров.

Маселенин олуттуулугун колдогон депутат А.Касымалиева, -“Россиядагы мигранттардын дагы пенсиялык коэффициенттери жок дегенде 1,8% көлөмүндө белгиленсе, бул дагы жакшы жетишкендик болот эле. Буга аракет кылышыбыз керек”, -дейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: