Бүгүн, 28-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлиги каралды.
Анда бир топ депутаттар анын вице-премьер-министр болуп тургандагы ишин сынга алышты.
“Министрлик менен мамлекеттик комитеттин айырмасы эмнеде?”, – деп депутат Марлен Маматалиев Аида Исмаиловага суроо узатты.
“Мен Социалдык өнүгүү министрлигине бара жатам” – деп Исмаилова жооп берди.
“Сиз билбейт экенсиз. Үйрөнүп алсаңыз. Анткени сиз вице-премьер-министр болуп иштедиңиз. Дагы да министр болуп кетип жатасыз. Айырмасын сөзсүз түрдө билишиңиз керек да. Кайсы кызматка барбайлы ушундай нерселерди билип алсак жакшы болот эле”, – деди Маматалиев.
Исмаилованын жообу депутатты канааттандырган жок жана ал бул тууралуу окууну суранды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ