Menu

Алмазбек Каримов, медиа-эксперт, “8-каналдын” жетекчиси: ” Атамбаевдин калтырып кеткен мурасы 100 пайыз аткарылып жатат”

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер болгон, өз көз карашы, позициясы бар, гезитибиздин туруктуу эксперти, “8-каналдын” жетекчиси Алмазбек Каримов менен мамлекетибиздеги айрым саясый жагдайлар боюнча баарлаштык.

– Алмазбек мырза, кургак ачкачылык кармагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө дешкени менен алардын абалы күндөн-күнгө оорлоп баратканы айтылууда. Эмне үчүн алардын нааразычылык акциясын жогору жактагылар көз жаздымда калтырып жатышат?

– Анткени, мындай ачкачылыктардын түрү мамлекетибизде буга чейин эле болуп келген. Аларга деле бийлик тараптан эч кандай реакция болчу эмес. Себеби, бийликтегилер криминал менен достошуп алып, алар аркылуу темир тор артындагыларга таасир этишчү. Бу сапар деле ошол картина болушу мүмкүн. Ошон үчүн ачкачылык кармап, саламаттыгы начарлап жатса да, жогору жактагылар мыйзамды өздөрүнө ылайыктуу кылып иштетип, башкалардын укугун тебелеп, тепсеп көрмөксөн, билмексен болуп отурушат.

– Бирок, камакта жаткан саясатчылар жогору жактагылар көңүл бурбасын билишсе да, эмнегедир көз каранды сотторго нааразы болуп, ачкачылык кармоо менен сот системасына өзгөртүү киргизүүгө багыт алышкандай го…

– Феодалдык мамлекетте жашап жаткандыктан, бизде эч качан көз карандысыз сот системасы болбойт. Бул сот системасын канчалык реформа кылсак да ал тармак оңолбойт. Кокус эл көчөгө чыга турган болсо, биринчи кезекте эл адилетсиз чечим чыгарган сотторду издейт. Анткени, эл туура эмес чечим чыгарган сотторду жазалагысы келет. Ошол убакыт жакын калганын бийлик түшүнбөй жатат. Ошон үчүн элдин маселесин көтөргөн азаматтарды жок жерден каралап, камап, ЭлТР жана КТР аркылуу эл душманындай көрсөтүп жатышат.

– Текебаев жаткан камеранын ичине видеокамера коюлганы ачыкка чыкты. Бул нерседен ким ырахат алат?

– Негизи эркиндиги чектелген адамдардын өз эрежеси болушу керек. Бирок, ага карабай Текебаевдин психологиясына таасир этүү үчүн акылга сыйбаган ушундай аракеттерди жасап жатышат. Айтайын дегеним, андай видеокөзөмөлдөр өз өмүрүнө кол салууга бел байлагандарга, өзүн жоготуп койгондорго, психбольницадагыларга коюлат. Бул жагынан бийликтегилер Текебаевге жырткычтык менен мамиле жасап, логикага жатпаган нерсеге жол беришти.

– Сооронбай Жээнбеков кандай президенттин образын жаратып жатат?

– Гумандуу президенттин образын жаратканга аракет кылып жатат. Социалдык тармактарда анын айрым нерселери кечирдим дегени гумандуу президенттей талкууланып, президент өзүн позитивдүү жактан элге көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Бирок, мага анын аракеттери көз боёмоочулуктай эле сезилип жатат.

– Акыркы күндөрү “жаңы президент экс-президенттин таасиринен арыла элек” деген ойду айткандар да четтен чыга баштады. Сиз Атамбаев кийлигишип жатканын байкай алдыңызбы?

– Албетте, байкап жатам. Эгер Атамбаев ушул багытта ишти улантам дей турган болсо, Жээнбековдун президенттикке келишине салым кошкондордун баары ич ара нааразычылыктарын билдире баштайт. Себеби, Жээнбековго чуркаган олигархтар сыртта калып калганы аларды өкүндүрөт. Ошол эле маалда премьер-министрдин Конституция боюнча ыйгарым укуктары көбөйгөнү менен анын жаштыгынан пайдаланып, Атамбаев тымызын таяк менен ары-бери жылдырып, байкатпай “должностторду” чыгарып, эки чоң институттун тирешин жандантат. Тирештин жыйынтыгы саясый кризиске кептелет. Кудай сактасын, эки институттун тиреши күчөсө мамлекетибизде эч кандай өнүгүү болбой калат. Ошон үчүн Конституция кабыл алынып жатканда ушул жагдайды айтып, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыккам. Кыскасы, азырынча Атамбаевдин калтырып кеткен мурасы 100 пайыз аткарылып жатат. Аны мен эмес, элдин баары эле көрүп билип турат.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: