Menu

Мээнин жакшы иштөөсү үчүн кайсы азыктарды жеш керек?

Бөлүшүү:

Мээ да башка органдар сыяктуу эле биздин кам көрүүбүзгө муктаж. Төмөнкү азыктар эске тутуунун жакшырышы, мээнин бир нерсени тез кабылдашы, кыскасы, анын жакшы иштеши үчүн зарыл болгон азыктар.

1.Жаңгак

Жаңгактын сырткы көрүнүшү бекеринен мээнин кыртыштарына окшош эмес. Бул азыкта мээнин ишин жакшыртуучу жана эске тутууну бекемдөөчү лецитин аттуу зат бар. Жаң  гак – мээнин өз убагынан эрте картаюусунун алдын алат. Күнүнө 5 даанадан жаң  гак – бул бир суткалык норма.

2.Какао

Какаодо флаванол деген антиоксидант бар. Ал мээдеги кан айланууну жакшыртат. Медиктер жашы өтүп бараткан адамдарга күнүнө бир стакандан какао ичип туруусун сунуштайт. Ал склероздун өнүгүүсүнүн алдын алат.

3. Зайтун майы

Бул азык мээнин иштеши үчүн зарыл болгон майлуу кислотага бай.

4.Балык: лосось, сардина, сельдь, форель

Йодго бай бул балыктар акылдын тунуктугун жакшыртат. Ошондой эле булардын курамында омега-3 майлуу кислотасы бар. Ал кандагы холестериндин дең  гээлин туруктуу сактап, кан тамырлардын иштешин жакшыртат. Натыйжада жүрөк менен мээ эң   жакшы иштейт. Эгерде адам күнүнө 100 граммдан балык жеп турса, мээнин кабыл алуусунун тездегени байкалат.

5.Помидор

Помидордо ликопен аттуу антиоксидант бар. Ошондой эле бул азык мелатонинге бай.
Ал мээнин клеткаларын картаюудан сактайт.

6.Кара карагат

Кара карагат – С витаминин булагы. Бул витамин акылдын тунуктугун жакшыртат. Ошондой эле мындагы полифенолдор жаш курактын өтүшү менен пайда болгон мээ ооруларынан сактайт.

7.Брокколи капустасы

Брокколи – мээнин ишин жакшыртуучу К витамининин булагы. Ошондой эле капустада бор бар. Бул микроэлементтин организмде жетишсиздиги мээнин активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып барат.

8.Ашкабактын семичкеси

Ашкабактын семичкесинде цинк көп. Ал эске тутууну жакшыртат жана мээни бат кабылдоого мажбурлайт. Жарым стакан семичке – бул микроэлементтин бир суткалык дозасы.

9.Алма

Алма ширеси эске тутуунун начарлашынан жана акыл-эстин төмөндөшүнөн сактайт. Ошондой эле алма ойдун бир жерге топтолушуна жардам берет.

10.Кызыл шарап

Кызыл шараптын мээнин нерв клеткаларынын иммунитетин көтөрөрүн окумуштуулар изилдешкен. Ошондой эле алмээнин кан тамырларындагы жаш курактык өзгөрүүнүн ылдамдыгын жайлатат жана инсульттун алдын алат. Бирок шарапты чеги менен колдонуу зарыл, болбосо баары тескерисинче болуп калышы мүмкүн.

Айназик РАИМКУЛОВА

Булак: Леди.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: