Маалыматтарга караганда Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 244 миллион 520 миң долларды түздү.
Мындай рекорддук көрсөткүч 2014-жылдын июль айында да болуп, анда резервдин көлөмү азыркыдан 18,5 миллион долларга көбүрөөк болгон деп айтылат Улуттук Банктын билдирүүсүндө. Ал эми май айына салыштырмалүү 73,5 миллион долларга жогорулаган. Башкача айтканда, саатына 102 миң доллардан өсүүдө.
Кыргызстандын эл аралык валюта резервинде валютанын ондон ашуун түрү, СОК (атайын карыз алуу укугу — жасалма резерв жана Эл аралык валюта фондуна төлөө каражат) жана алтын бар. Аларды эл аралык деңгээлде колдонуп, төлөм жүргүзүп, төлөө баланстарынын дефицитин жабуу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн колдонууга болот.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ