Экс-премьер министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Башкы прокуратурага жана УКМКга Бишкек жылуулук борборунда болгон авария боюнча дагы 3 адамды жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз берди. Бул тууралуу ал “Фейсбук” баракчасына жазып чыкты. Алар Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо боюнча макулдашууну бекитүү тууралуу мыйзам долбооруна уруксат берген үч комитеттин жетекчилери болуп саналат. Тактап айтканда, комитеттин корутундусуна кол койгон президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев ошол убакта Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары болгон, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев ошол маалдагы Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, Кожобек Рыспаев Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы болчу, Президенттин «Коррупциялык күрөштө ким өлкөгө зыян келтирип коррупциялык схемаларга аралашса, ал ким экенине карабай жооп берет» – деп айтканын эске алганда, бул үчөө жазадан сырткары калбашы керек. Мыйзам баарына бирдей…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ