Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Женева жана Астана жараяндарынын алкагында Сирия өкмөтү менен оппозициялык топтордун ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.
«Казакстан жапырт кыйратуучу кандай гана курал колдонуу болбосун чечкиндүү түрдө айыптайт. Биз күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн бул факты боюнча БУУнун көзөмөлү алдында объективдүү жана калыс эл аралык иликтөө жүргүзүүнү маанилүү деп эсептейбиз», – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
7-апрелде АКШ Сириянын Шэйрат аэродромуна 59 канаттуу ракета менен сокку урган. Кошмо Штаттардын бийлиги Хан-Шейхун шаарына химиялык чабуулду дал ошол аба базанын учактары жасаган деп эсептөөдө. АКШнын бул аракетин Германиянын, Франциянын жана Улуу Британиянын лидерлери, ошондой эле Сирия оппозициясы колдоду.
Быйыл Астанада Орусия, Түркия жана Ирандын делегацияларынын катышуусунда Сириядагы абалды жайгаруу боюнча бир канча жолу сүйлөшүүлөр өткөн. Женевада болсо БУУ тарабынан уюшулган өзүнчө сүйлөшүүлөр өтүүдө.
Сирия бийлигинин маалыматы боюнча 7-апрелге оогон түнү Сириядагы аба базага урулган соккудан алты аскер кызматкери жана тогуз жай тургун мерт болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ