Menu

Кыргызстандагы акысыз биопаспорт сатылып атабы?

Бөлүшүү:

“Биопаспорт жыл соңуна чейин акысыз берилет”- деген расмйи маалымат бар. Бирок, Жалал-Абаддын Аксы районунда акысыз жүрбөй жатканы кабарланууда.

Май айынан бери 8 миң жаран биопаспорт алса, сүрөткө түшүүсү 250 сом экен. Бирок жетекчилиги баары бекер болуп жатканын айтып, ишендиргенге аракет кылат. Анткен менен жергиликтүү “Ынтымак” телеканалы жашыруун  камерадан тартылып калган видеону көрсөткөндөй, акча талап кылынат. Акыркы эки айда эле 8 миң адам 250 сомдон берсе, 2 млн. сом болот. Бирок бул акча мыйзамсыз алынганбы (?) деген суроого тиешелүү көзөмөл органдары кызыга  элек.

Аксы районунунда жаңы паспорт алгандардын көпчүлүгү 16-18 жаштагы өспүрүмдөр. Жаңы биометрикалык паспортту алууга күнүгө онго жакын жаран кайрылат. Ал эми аталган мекеменин жетекчиси “паспорт акысыз берилет” деп,  айтылгандарды төгүнгө чыгарууда.

Мекемедеги адистердин мыйзамсыз акча талап кылганын айтып, аны унчукпастан төлөп жатабыз дегендер четтен чыкканы менен видеокамерага айтып берүүдөн кооптонушууда.

Аксы районунда 130 миң паспорт алуучу жаран бар. Май айынан бери 8 миңдей жаран жаңы биопаспорт алган. 8 миң жаран 250 сомдон берсе, жалпы 2 млн.дун тегерегиндеги сумма коорупциялык жол менен алынып жатат да  ошондо…

Кыргызстандын биометрикалык паспорту ушул жылдын май айынан баштап бериле баштаган. Анда жарандардын улуту көрсөтүлгөн эмес, “маалыматтар паспорттун ичиндеги чипте камтылган”- деп түшүндүрүшкөн. Мунун айынан айрым коомдук бирикмелер Жогорку Соттун Конституциялык палатасына кайрылышкан. Бирок жыйынтыгы жарыялана элек.

Дүйнөдөгү эң таасирлүү паспорттор рейтинги боюнча кыргыз паспорту 58 баллга ээ болуп, 66-орунга татыктуу болгон. Упайлар мамлекет канча өлкө менен визасыз режимге келишим түзгөндүгү боюнча аныкталат. Анализдер  БУУнун тараткан расмий маалыматтарынан алынып, ага 193 өлкө кирген. Рейтингдин сап башына Германия, Швеция жана Сингапур чыккан. Алардын паспорттору 156 өлкөгө визасыз барууга мүмкүнчүлүк берет.

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: