Нарын районунун аймагында Кичи-Нарын дарыясына түшүп кеткен “Хонда Степвагон” унаасынын бир жүргүнчүсү табылды. Ал кечээ 9-июлда 16:30да табылганын ӨКМден кабарлашты. Эскерте кетсек, 8-июлда саат 23:00 чамасында минивен Нарын-Ооруктам унаа жолундагы көпүрөдөн кулап кеткен. Унаанын ичинде эки киши болгон. Алардын бирөө унаадан чыгып, ал эми экинчиси чыккан же чыкпагандыгы белгисиз болгондуктан издөө иштери жүргүзүлгөн. Куткаруучулар тарабынан жүргүнчүнүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ