Menu

ИИМ тармагын башкарып, анын аки-чукусун эң жакшы билген Рысалиев эми ИИМди «итереби»?

Бөлүшүү:

2010-жылдан кийин ички иштер министрлигин башкарган Зарылбек Рысалиев деген генерал бар. Ошол бакиевдердин байлыгы тонолгон учурда кимдердин “морадёрлук” кылгандыгын эң жакшы билет. Андыктан ал кезде депутат болуп турса да “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө. Текебаев, башка депутаттары Р. Төлөгөнов, Т. Мадылбаевдерге каршы компромат топтоп, Ак үйдүн буюртмасын аткаргандай болгон. Бир ирет парламентте Ө. Текебаев экөөсү “эркекче сүйлөшүп”, мушташып да кете жаздаган. Бирок Ш. Атаханов күч органдарын тейлеген вице-премьер-министр болуп турганда парламент трибунасынан “З. Рысалиев ИИМди Кара-Буура районуна айлантып алды…”,- деп кызматтан алган болчу. Ал тургай кылмыш төбөлү, 16 жылга кесилген А. Батукаев З. Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган учурда, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткендиги да эсибизде. Ошентип көп убакыт көрүнбөй кеткен генерал кечээ жакында, президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталганда “кайра жаралып”, бийлик талапкерине каттуу иштей баштаган болчу. Ким билет, ошол эмгегинин “акыбети” кайттыбы же чындап эле өзү айткандай кезеги жеттиби, кыскасы ушул жумада «Республика Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алды. Эмнеси болсо да ИИМ тармагын башкарып, анын аки-чукусун эң жакшы билген Заке эми ИИМди «итереби»?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: