Menu

Кумга сиңген 386 миллион доллар

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 2013-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө үчүн 20 жылдык мөөнөткө насыя иретинде Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражат натыйжалуу жыйынтык бербегенин айтты. Ал бул туурасында: “Бишкек ЖЭБге берилген насыя абдан талкуу жараткан. Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары толук колдоп бердик эле, бирок силер “бул оңдоп-түзөөлөрдөн кийин жаңы мештер курулуп, ал жерде толук өзүбүздүн көмүр иштетилет” деп убада бергенсиңер. Эми ушунча ири көлөмдөгү акча салынгандан кийин, дагы деле казак көмүрүнө болгон көз карандылык бар экени белгилүү болуп жатат. Биз салган акчалар кумга сиңип кеткендей эле болду. Чоң акча кетти. Эми аны эл төлөп жатат. Бирок биз күткөн натыйжаны ала алган жокпуз”, – деп кашкайган чындыкты айтты. Ырасында, туура айтты. Бул боюнча иликтөө жүрүш керек. Жеп-ичкен фактылар ачыкталып, күнөөлүүлөр жооп берүүгө тийиш…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: