Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы согуш аймагынан Грозныйга жеткирилген кишилердин арасында Казакстан жарандары бар экенин билдирди.
ТИМдин басма сөз катчысы Ануар Жайнаковдун айтымында, Орол шаарынын тургуну – 1988-жылы туулган аял жана анын төрт баласы бир нече орусиялыктар менен чогуу 13-ноябрда Грозныйга жеткирилген. Жакын арада аларды Казакстанга алып келишет. “Биз казак жарандарын эвакуациялоого көмөк көрсөткөн орус тарапка жана Чеченстандын жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз”, —деди ал.
Чеченстан бийлиги буга чейин Грозныйга Орусия, Өзбекстан жана Казакстан жарандары жеткирилгенин маалымдаган.
Маалыматтарга караганда, Сирия жана Иракта жүздөн ашуун казакстандык жаран куралдуу жаңжалга катышууда. Ал жакта жоочулардын аялдары, балдары жесирлери дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ