Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын кеңешмесине катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын кеңешмесине катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров маалымдагандай, 2018-жылдын январь-июнь айында электр энергиясын иштеп чыгуунун жалпы көлөмү 8,0 млрд кВт саатты түзүп, 2017-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 0,3 млрд кВт саатка, же 4% жогору болуп саналат.

«Электр энергиясын иштеп чыгуунун жогорку деңгээли Токтогул суу сактагычынын суу ресурстары аркылуу камсыздалууда. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата суунун көлөмү 14,4 млрд метр кубду түздү. Октябрь айында биз 19,4 млрд метр кубдан кем эмес көлөмгө чыгуубуз керек», – деди Азамат Абдыкадыров.

Ошондой эле ал белгилегендей, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана жылытуу мезгилинде отунга кетчү чыгымдын бөлүгүн камсыздоо максатында үстүбүздөгү жылдын июнь айында 500 млн кВт саат көлөмүндөгү электр энергиясын Өзбекстанга экспорттоо келишими түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча электр энергиясын экспорттоо көлөмү 178,2 млн кВт саатты түздү.

«Бишкек шаардык ЖЭБдеги көмүрдүн калдыгы учурда 87,8 миң тоннаны түзөт. Аталган көлөм ЖЭБдин ишин 2018-жылдын сентябрь айынын жарымына дейре камсыздоого мүмкүндүк берет. Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине карата көмүргө болгон муктаждыгы 1 млн тоннаны түзөт. Учурда 950 миң тонна көлөмүндөгү көмүр алууга сынак өткөрүлгөн», – деди Улуттук Энергохолдингдин башчысы.

Мындан тышкары, Азамат Абдыкадыров электр станцияларынын, аба чубалгыларынын, ошондой эле жылуулук тармактарынын жабдууларын оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымдады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык даярдык көрүү иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына дейре жыйынтыктап, калкты көмүр менен камсыздоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: