Menu

Фото – Ички иштер министри кызматтык иш-сапары менен  Нарын облусуна барып, милициянын аймактык  бөлүмдөрүнүн иштерин текшерип чыкты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев  республикадагы тоолуу аймактардын бирине кызматтык иш-сапары менен барып,  аймактык ички иштер органдарынын кызмат өтөөсүн текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр текшерүүнү тоолуу райондордун ичинен  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБнен баштап, ал жакта  Нарын облусунун Ак-Талаа району аркылуу барды.  Ал бул жерден райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен таанышып, иштөө шартын текшерди. Коомдук тартип боюнча маселелер талкууланып, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Кашкар Джунушалиев өздүк курамдын негизги күчүн  алдын алуу иштерине жумшоону талап кылды.

Министрдин Нарын облусуна болгон иш-сапарында Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор райондорунун, Нарын шаарынын милиция бөлүмдөрүнүн уюштуруучулук иштери жана материалдык-техникалык абалы менен таанышты.

Ал милициянын уюштуруучулук ишинде инсанды мыйзамсыз иш-аракеттерден коргоого,  кылмыштарды жана административдик  укук бузууларды алдын алуу жана ага бөгөт коюга өзгөчө көңүл бурду.

ИИМдин башчысы  аймактык ички иштер органдарынын ишиндеги көйгөйлөрүн, кыйынчылыктарын жана кемчиликтерин изилдеп чыкты.   Иш-сапарын биринчи Тогуз-Торо районунан баштап,  андан соң Ак-Талаа районунун милиция бөлүмүнөн улантып, алардын кызмат өтөөсүндөгү тартиби менен шарттарын текшерип, кабинеттерин, мекеменин ичин карап чыкты.

Өздүк курам жана милициянын ардагерлери менен сүйлөшүү учурунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы  С. Жоошбаев  жакында Чолпон-Ата шаарында министрдин катышуусу менен өткөн милициянын ардагерлеринин республикалык жыйынында ардагерлер кыймылынын өлкөдөгү коомдук тартипти бекемдөөдө кошкон салымы боюнча бир катар маселелер каралгандыгын  маалымдады. Мындан ары 24-октябрь күнү ички иштер органдарынын ардагерлеринин күнү катары белгиленет. Ак-Талаа районунда  министр Ак-Талаа айылындагы милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнүн иши менен таанышты.

Кийинки кезекте Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө барып,  Башкайыңды жана Казыбек айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөлөрүнүн иштебегендигин карап чыгып, аталган МАБнүн ордуна келтирүүнү тапшырды. Милициянын ардагерлери менен жолугушуу маалында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон милиция кызматкерлерине арналган эстеликтерди куруу боюнча меселерлер талкууланды.
Өздүк курамдын ишин жакшыртууну, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоону, укуктук даярдыктан өткөрүүнү министр ИИБдин башчыларына  тапшыруу менен келе жаткан жылы күчүнө кире турган нормативдик актыларды жана жаңы мыйзамдарды окутуу керектигин билдирди.

Андан соң, Кашкар Джунушалиев  Нарын райондук жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө барып,  өздүк курам жана милициянын ардагерлери менен жолугуп, коомдук тиртипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо, коомчулук менен мамиле түзүү жана башка уюштуруучулук иштер боюнча баарлышышты. Министр кызматкерлердин кызмат өтөөсүнө  кызыкты.

Ардагерлер менен жолугушуу учурунда так сунуштар, суроолор  берилип,  Нарын ШИИБдин жаңы имаратын куруу,  кээ бир кызматтардын кызматкерлеринин санын көбөйтүү тууралуу сунуштарын беришти.  Кочкор РИИБнин имаратынын курулушу бүткөн соң, шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараты курула тургандыгы белгиленди.
ШИИБдин медкызматынын кабинетин текшерген соң, К. Джунушалиев  аймактык милиция кызматкерлерине медициналык жактан кызматын көрсөткөн чөйрөнү кеңейтүү керектигин,  медициналык жактан камсыздай турган бейтапканаларды түзүү кажет экендигин билдирди. Укук коргоо түзүмүнүн башчысы кызматкерлердин татыктуу кызматтык жана күнүмдүк шарттарын жакшыртуу  үчүн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга  багытталган тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгын маалымдады. Азыркы учурда Нарын шаарында  милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткандыгын кошумчалап кетти.

Нарын ОИИБдин аянтчасында өздүк курам саптын кароодон өткөрүлүп, министр өздүк курам жана милициянын ардагерлери  менен сүйлөшүштү. Жогорку Кеңиштин биринчи кароосунда өткөн “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн социалдык жактан камсыздоонун кепилдиги, акчалай жана пенсиялык жактан камсыздалуусу боюнча суроолор берилди.

К. Джунушалиев аталган мыйзам долбоору  боюнча сууроолорго жооп берип, кызматтык окладдарына жараша айлык акылары жана пенсиялары көбөйөөрүн билдирди. Социалдык кепилдик  турак-жайга төлөөдө,  медициналык жардам жана санаториялык-курорттук камсыздоо жана башка ушул сыяктууларда каралган.
Жыйында Нарын ОИИБдин бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын алдында сүйлөп жатып, Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын алдында турган тапшырмаларды аткаруу  көп учурда милиция кызматкерлеринин  профессионалдуулугунан, моралдык-пасихологиялык  даярдыгынан жана жарандардын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын коргоо жөндөмдүүлүгүнөн, коомдук коопсуздукту камсыздоодон  көз каранды. Булардын баары өздүк курамдын өздөрүнүн кызматтык милдеттерине  абийирдүү мамиле кылгандыгын, ар убак даярдыкта болууларын жана профессионалдуулук деңгээлин жогорулатууну талап кылаарын билдирди.

Андан сырткары,  шалаакылык кетирген,  элдердин көйгөйлөрүнө кайдигер мамиле жасаган, кызматын кыянаттык менен мамиле жасап мыйзамды бузган, коррупциялык көрүнүштөрдү  жасаган кызматкерлерге карата катуу чаралар көрүлөөрүн билдирүү менен Жайыл РИИБде милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан адам өлтүрүү фактысы катталгандыгын мисал катары айтып кетти.

Кеңешмеде ички иштер министри милициянын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды атады:  жарандардын жана коомдун  коопсуздугун камсыздоо,  укук бузууларды  алдын алуу тутумун такшыртуу,  криминалдык абалды жакшыртуу,  милицияга болгон элдердин ишенимин арттыруу,  элдер менен мимилени бекемдөө,  ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн  кызматтык тартибин бекемдөө.   Ошондой эле, коомдун ишеними ээ болуу үчүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен билимин, жөндөмдөрүн, ыкмаларын жакшыртуу, ИИОну реформалоо боюнча комплекстүү чараларды жакшыртуу,  коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо боюнча натыйжалуу тутумунун  түзүү.

Ушуга эле катар, К. Джунушалиев Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда болуп,  өздүк курамдын кызмат өтөөдөгү шарттары менен даярдыктарын  текшерди.  Райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери жана ардагерлери менен жолугушуу учурунда  аймактык бөлүмдөрдүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрү,  материалдык-техникалык камсыздалганы,  транспорт жана күйүүчү каражаттардын жетишсиздиги, ошондой эле имаратын боюнча маселелери талкууланды.

Кочкор районунда ИИМдин башчысы  РИИБдин жаңы курулушунун капсуласын салууга катышты.  Бул жерде бөлүмдүн өздүк курамы жана ардагерлери менен  жолугушуп,  бир катар суроолор талкууга алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: