Menu

Автобустун ичинде тирүүлөй өрттөнүп кеткен 52 өзбекстандыктын сөөгү жерге берилди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Актөбөдөгү жол кырсыгында каза болгондордун сөөктөрү жерге берилди.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министриги маркумдардын ким экенин аныктоо аяктаганын билдирип, алардын аты-жөнүн жарыялады.

Өрттөнгөн автобуста өмүрү кыйылгандардын көбү Наманган облусунан. Кырсыкка кабылгандардын арасында ошондой эле Ташкент шаарынын, Сурхандарыя облусунун тургундары болгонун Өзбекстандын бийлиги бышыктады.

18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыккан.

“Сетра” үлгүсүндөгү автобуста 57 киши бараткан. Бешөө ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: