Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум башталды. Отурум судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.
Бүгүнкү соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы катышып жатат.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын 18 тарапташы айыпталуучу катары өтүп жатат. Алмазбек Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан, алардын иши өзүнчө каралып, өздөрү үй камагына кое берилген.
Алар КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айыпталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ